Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн районунун Зергер айыл аймагында жайгашкан жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу жөнүндө
Жер көчкүнүн кесепетинен бузулган эски имараттын ордуна орто жалпы билим берүүчү мектептин жаӊы имаратын куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине жана «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2018-жылдын 24-майындагы № 349-б буйругун, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгɵн райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 3-майындагы № 47 токтомун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгɵн районунун Зергер айыл аймагында жайгашкан № 2009 контурдагы аянты 0,7 га (чабынды) жер участогу орто жалпы билим берүүчү мектепти куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгɵн районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү.
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участогун максаттуу багытта пайдаланууну.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев