Кыргыз Респубикасынын аймагында кооптуу калдыктар менен иштөө тартибин бекитүү жөнүндө
Кооптуу калдыктар менен иштөө жаатында калк үчүн экологиялык жагымдуу шарттарды камсыз кылууда көйгөйлөрдү комплекстүү чечүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламенти” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Респубикасынын аймагында кооптуу калдыктар менен иштөө тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев