Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 317 “Кыргыз Республикасында Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесин жүзөгө ашыруу процессин өркүндөтүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 317 “Кыргыз Республикасында Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгесин жүзөгө ашыруу процессин өркүндөтүү жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү “Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлиги” деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги” жана “Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу Өнөр жай коопсуздугу жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекциясы” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд” жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9-пунктундагы “Президентинин Администрациясынын энергетика жана минералдык ресурстар” деген сөздөр “Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесиндеги “Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министри” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору” деген сөздөр менен алмаштырылсын
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев