КР Өкмөтүнүн 2015 жылдын 28 декабрындагы № 883 токтому

“Мамлекеттик камсыздоо уюму” ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө

Өрттүн жана табигый кырсыктардын натыйжасында турак жайдын бузулушуна же жок кылынышына байланышкан жоготуулардын ордун толтуруу үчүн экономикалык шарттарды түзүү максаттарында, “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:  

  1. “Мамлекеттик камсыздоо уюму” ачык акционердик коому түзүлсүн.
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:

-       500 000 (беш жүз миң) жөнөкөй энчилүү акцияларды чыгаруу жана төлөө жолу менен 50 000000 (элүү миллион) сом өлчөмүндөгү уставдык капиталын аныктап «Мамлекеттик камсыздоо уюму» ачык акционердик коомунун уюштуруучусу катары чыксын; 

-       кайра түзүлгөн  «Мамлекеттик камсыздоо уюму» ачык акционердик коомун башкаруучу жана контролдоочу органдар түзүлсүн; 

-       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы менен макулдаштыкта түзүлүүчү «Мамлекеттик камсыздоо уюму»  ачык акционердик коомунун уставын бекитсин; 

-       Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы менен бирге коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарын төлөө менен акысыз пайдалануу келишими шартында Бишкек шаарында жайгашкан мамлекеттик администрациялык имаратка “Мамлекеттик камсыздоо уюму” ачык акционердик коомун жайгаштыруу жөнүндө маселени чечсин. 

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: 

- бир айлык мөөнөттө финансы каражаттарын издеп тапсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду менен макулдашылган тартипте ушул токтомдун 2-пунктуна ылайык “Мамлекеттик камсыздоо уюму” ачык акционердик коомунун топтоочу эсебине алгачкы уставдык капиталын төлөөнү жүргүзсүн. 

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.  

 Премьер-министр                                                     Т.А.Сариев 

Тиркемелер

Басып чыгаруу