КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 17 токтому

 Бюджеттик программалардын натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо жүргүзүү тууралуу

Бюджеттик программалардын натыйжалуулугун баалоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 87-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

-  Бюджеттик программалардын натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетту берүүнүн тартиби, 1-тиркемеге ылайык;

-  Бюджеттик программалардын натыйжалуулугун баалоонун тартиби, 2-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

 Премьер-министр                                                                    М.Д.Абылгазиев

тиркеме