Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги №197 “Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, кризистик кырдаалга туш болгон балдарга кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин ведомстволук бөлүкчөлөрүнүн кызматкерлерин стимулдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 6-апрелиндеги №197 “Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: Жогоруда аталган токтомдун 7-тиркемесиндеги:
1- баптагы:
- 9-позициядагы “3000” деген сан “4500” санга алмаштырылсын; төмөнкү мазмундагы 10-позициясы менен толукталсын:
10 | Айдоочу | 5300 |
2- баптагы: - 10 позициясы төмөнкү редакцияда берилсин:
10 | Кожойке-айым | 5300 |
11,12 позицияларында “3000”, “2700” деген сандар тийиштүү “4500”, “4050” сандарга алмаштырылсын; - төмөнкү мазмундагы 13, 14, 15,16,17,18,19 жана 20-позициялары менен толукталсын:
13 | Психолог | 8000 |
14 | Ашпозчу | 5300 |
15 | Айдоочу | 6600 |
16 | Электрик | 4500 |
17 | Сантехник | 4500 |
18 | Кастелянша | 3750 |
19 | Лифтер | 3750 |
20 | Имараттарды ремонттоо боюнча жумушчу | 3750 |
3 - баптагы: - төмөнкү мазмундагы 5-позициясы менен толукталсын:
5 | кызматтык жайларды тазалоочу | 3750 |
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги: - ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборун, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо борборун жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы “Балдар үчүн ишеним телефону” борбору” мамлекеттик мекемесинушул жылы каржылоону2015-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине каралган каражаттын чегинде жүзөгө ашырсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4.Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Т. Сариев