КР Өкмөтүнүн 2015 жылдын 22 декабрындагы № 863 токтому

ыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Аткаруу бийлгинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” 2014-жылдын 3-июнундагы № 303токтомуна толуктоолор киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдары тарабынан жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын жетиштүүлүгүн жана сапатын жакшыртуу максатында, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. “Аткаруу бийлгинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтомуна тиркемеге ылайык толуктоолор киргизилсин. 

2. Ушул токтом расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

 Премьер-министр                                                          Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу