КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 274 токтому

Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты Жарандык коргонуу тармагында даярдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө 

Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты Жарандык коргонуу тармагында даярдоону өркүндөтүү максатында, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 8-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциалык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты Жарандык коргонуу тармагында даярдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен  бирдикте  мамлекеттик билим берүү стандарттарын  жана негизги билим берүү программаларын иштеп  чыгууда жалпы билим берүү уюмдарында, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окугандарга Жарандык коргонуу тармагындагы даярдануунун милдеттүү билим берүү минимумун караштырсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана  аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдары, жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) Жарандык коргонуу тармагындагы билимди, анын  ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарын  колдонуу менен пропагандалоону камсыздашсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 780 “Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын жана күчтөрүн даярдоонун, калкка Жарандык коргонуу тармагында маалымат берүүнүн бирдиктүү системасы жөнүндө” токтому күчүн  жоготту деп таанылсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

6, Ушул токтом расмий  жарыяланган күндөн тартып он күн  өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                               М.Д.Абылгазиев

тиркеме