Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Жеке ишкерлер жана юридикалык жактар өз иштерин жүргүзгөн жерлеринде банктык төлөм карталарын пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуулары үчүн арналган жабдууну (орнотмону) орнотууну камсыз кылууга жана колдонууга милдеттүү болгон иштин айрым түрлөрүнүн тизмеги бекитилсин.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн иштин түрлөрүн жүзөгө ашырган жеке ишкерлер жана юридикалык жактар банктык төлөм карталарын пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуулары үчүн арналган жабдууларды (орнотмолорду) орнотуу жана колдонуу иштерин уюштурууну камсыз кылуу сунушталсын. 3. “Кыргызстандын Банктар союзу” юридикалык жактар бирикмесине жана коммерциялык банктарга төмөнкүлөр сунушталсын:
- жеке ишкерлерди жана юридикалык жактарды банктык төлөм карталарын колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн арналган жабдуулар (орнотмолор) менен камсыздоо;
- банктык төлөм карталарын колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн арналган жабдууну (орнотмону) орнотуу тууралуу арыз берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусу келип түшкөндө аны орнотуу жана колдонуу боюнча бардык консультацияларды жана окутууларды өткөрүүдө зарыл болгон техникалык көмөк көрсөтүү;
- калк үчүн накталай эмес эсептешүүлөрдүн жана төлөм карталарынын жагымдуулугун жогорулатууга багытталган түшүндүрүү иштерин, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу дайыма жүргүзүү.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев