КР Өкмөтүнүн 2015 жылдын 7 декабрындагы №842 токтому

Бишкек шаарында 2013-жылдын 10-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн  ортосундагы Токой чарба тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу 

    Мамлекеттик  ички жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:   

1. Бишкек шаарында 2013-жылдын 10-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн  ортосундагы Токой чарба тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу бекитилсин. 

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө түркия тарапка кабарласын. 

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.   

Премьер-министр                                                         Т.А.Сариев                      

Тиркемелер

Басып чыгаруу