КР Өкмөтүнүн 2015 жылдын 7 декабрындагы № 841 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга мамлекеттик социалдык жардам берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” 2015-жылдын 13-августундагы № 224 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:  

 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун  берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жободо: 

- 7-пунктунун алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 16-пункту “курман болгон адамдардын балдары” деген сөздөрдөн кийин “, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда жаракат алып, майып деп таанылган адамдар жана курман болгондордун балдары” деген сөздөр жана цифралар менен толукталсын.

 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы № 404 “Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүүнү жана мамлекеттик билим берүү гранттарын конкурстук бөлүштүрүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларында студенттерди окутуу үчүн мамлекеттик билим берүүчү гранттар жөнүндө жободо:   

- 12-пункту “Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаган кыргыз улутундагы адамдар,” деген сөздөрдөн кийин “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларында,” деген сөздөр жана цифралар менен толукталсын. 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 256 “Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алууну жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу жөнүндө жободо: 

- 3.5-пунктунун экинчи абзацы “Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаган кыргыз улутундагы адамдар,” деген сөздөрдөн кийин “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларында,” деген сөздөр жана цифралар менен толукталсын. жогору аталган Жобонун тиркемесинде: 

- 1-пунктунун жетинчи абзацы “камкордугусуз калган балдар,”  деген сөздөрдөн кийин “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларында,”  деген сөздөр жана цифралар менен толукталсын.

 4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн. 

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                           Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу