КР Өкмөтүнүн 2015 жылдын 23 декабрындагы № 868 токтому

Дем алыш күнүн которуу жөнүндө 

    Дем алыш жана жумушчу эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин  113-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2016-жылдын  16-январындагы дем алыш күнү 2016-жылдын 8-январындагы жумуш күнүнө которулсун. 

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.       

Премьер-министр                                                                Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу