2015-жылдын 21-декабры, № 860
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы № 100 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 265 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын 2015-2017-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ишин өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы № 100 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жободо:
1-пунктта:
- расмий тилдеги тексттеги “иных” деген сөз “других” деген сөз менен алмаштырылсын;
- “өз учурунда төлөнүшүнө,” деген сөздөрдөн кийин “жеке ишкерлер катары жеке жактарды мамлекеттик каттоочу, ошондой эле” деген сөздөр менен толукталсын;
6-пунктта:
- экинчи абзацтагы “салыктык” деген сөз “салыктардын,” деген сөз менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
“-жеке ишкерлер катары жеке жактарды мамлекеттик каттоо;”;
7-пунктта:
- мамлекеттик тилдеги тексттин үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- он бешинчи абзацтагы “оперативдүү-бухгалтердик” деген сөздөр алып салынсын
- жыйырма экинчи абзацтагы “милдеттүү” деген сөз алып салынсын; - жыйырма төртүнчү абзац “мыйзамдарында каралган” деген сөздөрдөн кийин “салыктык жана” деген сөздөр менен толукталсын;
- жыйырма алтынчы абзацтагы “билдирүү” деген сөз “чечим” деген сөз менен алмаштырылсын, ар кандай жөндөмөдөгү “жана камсыздандыруу төгүмдөрү” деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү “, камсыздандыруу төгүмдөрү жана башка төлөмдөр” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- кырк экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“- юридикалык жактарды, алардын филиалдарын, өкүлчүлүктөрүн жана жеке жактарды - салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка төлөмдөрдү төлөөчүлөрдү салыктык (эсепке алуу) каттоо, кайра каттоо жана ишин токтотуу, ошондой эле КНС боюнча салык салынуучу субъектти каттоо жана жокко чыгаруу боюнча ишти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уюштурат жана контролдойт;”;
- төмөнкүдөй мазмундагы кырк үчүнчү - кырк бешинчи абзацтар менен толукталсын:
“- жеке ишкерлерди, юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбаларды - салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка төлөмдөрдү төлөөчүлөрдү мамлекеттик каттоону, салыктык (эсепке алуу) каттоону, кайра каттоону жана алардын ишин токтотууну жүргүзөт;
- мамлекеттик каттоодон өткөн салык төлөөчүлөр жөнүндө маалымат базасын, ошондой эле экономикалык жана ишкердик ишти жүргүзгөн салык төлөөчүлөр жөнүндө маалымат базасын статистикалык органдарга өткөрүп берүүнү жүргүзөт;
- конфискацияланган, ээси жок жана ээсиз-ээликсиз мүлктү эсепке алуу, баалоо жана сатууну жүргүзөт;”;
8-пунктта: - төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
“- жүктөлгөн милдеттерге ылайык башка органдар менен салыктарды башкаруу, анын ичинде импорт боюнча кыйыр салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка төлөмдөр боюнча өз ара аракеттенүү жөнүндө келишимдерди жана макулдашууларды түзөт;”;
- он бешинчи абзац “камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасына” деген сөздөрдөн кийин “салыктык жана” деген сөздөр менен толукталсын
; - он сегизинчи абзацтагы: расмий тилдеги текстинде “иным” деген сөз “другим” деген сөз менен алмаштырылсын;
“ошондой эле” деген сөздөрдөн кийин “салыктык жана” деген сөздөр менен толукталсын”;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы:
- ушул токтомдон келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин;
- 2016-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү мамлекеттик салык кызматынын салыктык контролдоодогу иш-аракетинин натыйжалуулугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат берсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом 2016-жылдын 1-январында күчүнө кирүүчү, жеке ишкерлер катары жеке жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө ченемдер каралган 1-пункттун бешинчи, сегизинчи, тогузунчу, он сегизинчи-жыйырманчы абзацтарын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев
Тиркеме
Тиркеме “ Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башкаруу схемасы
МСКнын Ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча аймактык башкармалыктары |
МСКнын райондор жана райондорго бөлүнбөгөн шаарлар боюнча башкармалыктары |
МСКнын Бишкек ш. эркин экономикалык аймактын субъектилерин контролдоо башкармалыгы |
МСКнын салыктык контролдоо жүргүзүү боюнча аймактык башкармалыктары |
МСКнын Бишкек ш. боюнча башкармалыгы |
МСКнын Бишкек шаарынын райондору боюнча башкармалыктары |