КР Өкмөтүнүн 2015 жылдын 21 декабрындагы №861 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 259 “Түркия Республикасынын Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Элчилигинин имараттар комплексин куруу жөнүндө” токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу   

         “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:  

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы  № 259 “Түркия Республикасынын Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Элчилигинин имараттар комплексин куруу жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
  2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

  Премьер-министр                                                   Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу