Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-сентябрындагы № 669 “Добуш берүү күнү шайлоо участокторунда техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү жана жарандарды идентификациялоону камсыздоо үчүн тартылган адамдарга компенсация жана эмгек акы төлөөнүн өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Ош шаарында добуш берүү күнү шайлоо участокторунда техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү жана жарандарды идентификациялоону камсыздоо үчүн тартылган адамдарга компенсация жана эмгек акы төлөө максатында, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-сентябрындагы № 669 “Добуш берүү күнү шайлоо участокторунда техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү жана жарандарды идентификациялоону камсыздоо үчүн тартылган адамдарга компенсация жана эмгек акы төлөөнүн өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:
- 2-пунктта “435”, “3 915 000” жана “675 337,50” деген цифралар “477”, “4 293 000” жана “740 542,50” деген тиешелүү цифралар менен алмаштырылсын; - “Жалпы” деген позицияда “9 958”, “89 622 000” жана “15 459 795,00” деген цифралар “10 000”, “90 000 000” жана “15 525 000” деген тиешелүү цифралар менен алмаштырылсын;
- “Бардыгы” деген позицияда “105 081 795 (жүз беш миллион сексен бир миӊ жети жүз токсон беш) сом” деген цифралар жана сөздөр “105 525 000 (бир жүз беш миллион беш жүз жыйырма беш миӊ) сом” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев