КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-декабрындагы № 852-токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 409 “Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин кээ бир кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн шарттарын белгилөө максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 409 “Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- төмөнкүдөй мазмундагы 21 жана 22-пункттар менен толукталсын:

“21. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин директоруна жыл ичинде эмгек акы төлөө фондунун үнөмдөлгөн каражаттарын кызматкерлердин жарым жылдык жана жылдык ишинин жыйынтыгы боюнча эки орточо айлык эмгек акысынан ашпаган өлчөмдө эмгектин жогорку жана сапаттуу жыйынтыктары, кесипкөй жана чыгармачыл демилгелерди көрсөткөндүктөрү үчүн кызматкерлерге дем берүүчү төлөөлөргө жумшоо укугу берилсин.

22. Ушул токтомдо каралбаган техникалык жана кенже тейлөө персоналдардын эмгегине акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 22 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысынын шарттары жөнүндө” токтому менен жөнгө салынаары белгиленсин.”;

- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:



4

Адис

10000



”. 

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2015-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.    

 Премьер-министр                                                          Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу