КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-декабрындагы № 851-токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 11-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомун көңүлгө алып, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) токтомдун 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы-тогузунчу абзацтар менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына;

- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасына;

- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Энергия" кыргыз илимий-техникалык борбору Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Энергия" кыргыз илимий-техникалык борборуна;

- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Кыргыз мамлекеттик "Энергодолбоор" илим-изилдөө жана долбоордук издеп табуу институту Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз мамлекеттик "Энергодолбоор" илим-изилдөө жана долбоордук издеп табуу институтуна.";

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жөнүндө жободо:

а) 1-пункту "экономикалык зоналарды өнүктүрүү" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле иштетүүчү өнөр жай тармактарын жана отун-энергетикалык комплексин өнүктүрүү" деген сөздөр менен толукталсын;

б) 5-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык прогрессин жана туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо" деген сөздөр "социалдык-экономикалык прогрессти жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоо, иштетүүчү өнөр жай тармактарында жана отун-энергетикалык комплексинде бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

в) 6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи-жетинчи абзацтар менен толукталсын:

"- иштетүүчү өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу;

- энергонатыйжалуулуктун, энергияны үнөмдөөнүн жана энергиянын калыбына келүүчү булактарын пайдалануунун өбөлгөлөөчү механизмдерин иштеп чыгуу;

- керектөөчүлөрдү энергетикалык ресурстар, өнөр жай товарлары жана кызмат көрсөтүүлөр менен ишенимдүү камсыздоо үчүн шарттарды түзүү.";

г) 7-пунктунда:

- 1-пунктчасында:

жыйырма экинчи абзацындагы ", ата мекендик товарларды тышкы рынокторго жылдыруу" деген сөздөр алып салынсын;

жыйырма жетинчи жана жыйырма сегизинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарлардын негизги түрлөрүнө чекене баалардын абалын көзөмөлдөйт жана талдайт;

- Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) ченемдерине жана эрежелерине, Евразия экономика бирлигинин милдеттенмелерине ылайык тышкы соода иштерин шайкеш келтирүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигиндеги ишин координациялоону камсыз кылат;";

төмөнкүдөй мазмундагы элүү биринчи-алтымышынчы абзацтар менен толукталсын:

"- энергетикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча талаптарды эске алуу менен энергетиканы келечектүү өнүктүрүү программасын иштеп чыгат жана ишке ашырат;

- энергиянын калыбына келүүчү булактарын ишке киргизүү жана пайдалануу боюнча иштерди уюштурат;

- бюджет жана отун-энергетикалык комплекси жаатындагы тарифтик саясат боюнча сунуштарды киргизет;

- ишкердик субъекттер менен бирге иштетүүчү өнөр жай тармактарын, отун-энергетикалык комплексин жана айрым ишканаларды реструктуризациялоо программасын иштеп чыгат жана ишке ашырат;

- иштетүүчү өнөр жайдын, отун-энергетикалык комплексинин чарба жүргүзүүчү субъекттеринин өнөр жай, илимий-техникалык жана инновациялык иштерин мамлекеттик колдоо механизмин түзөт жана ишке ашырат;

- иштетүүчү өнөр жайдын жана отун-энергетикалык комплексинин финансы-экономикалык абалына талдоо жүргүзөт;

- аскердик багыттагы продукцияны өндүрүү жана аны сатууну камсыздоо бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен өнөр жай жана аскердик-техникалык кызматташтыгы чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты түзүү боюнча сунуштарды киргизет;

- ички керектөөлөрдү жана экспортту курал-жарак жана аскердик техника менен камсыздоо максатында аскердик продукцияны өндүрүү бөлүгүндө аскердик-техникалык кызматташтык боюнча коргоо багытындагы ишканаларды жана мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү программасын иштеп чыгат жана ишке ашырат;

- иштетүүчү өнөр жай жана отун-энергетикалык комплекси жаатында техникалык регламенттердин долбоорлорун иштеп чыгат;

- энергетикалык ресурстарды керектөөчүлөргө кызматтарды көрсөтүү жана алардын сапатын жогорулатуу жөнүндө стандарттарды жана ченемдик документтерди макулдашат, алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке киргизилишин камсыздайт;";

- 2-пунктчасында:

жетинчи абзацындагы "Бажы союзунун" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:

"- электр энергиясын экспорттоону жана импорттоону жөнгө салуу механизмдерин иштеп чыгат, ошондой эле ушул багыттагы иштерди белгиленген тартипте координациялайт.";

3-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма биринчи-жыйырма сегизинчи абзацтар менен толукталсын: 

"- туруктуу өнүктүрүүнү стратегиялык пландоону координациялайт; 

- иштетүүчү өнөр жайды жана отун-энергетикалык комплексин комплекстүү өнүктүрүү, жаңы индустрияларды түзүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууну координациялайт;

- иштетүүчү өнөр жай жана отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзүү боюнча мамлекеттик органдардын иштерин тармактар аралык жана региондор аралык координациялоону ишке ашырат;

- иштетүүчү өнөр жайдын жана энергетика тармагынын түзүмүн жакшыртуучу чараларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну координациялайт;

- башка мамлекеттик органдар менен бирге иштетүүчү өнөр жайды жана отун-энергетикалык комплексин өнүктүрүүгө келип түшүүчү техникалык жардамды координациялайт;

- Министрлик менен энергетикалык компаниялардын ортосундагы иш жөнүндө макулдашуунун шарттарынын аткарылышын белгиленген тартипте контролдойт;

- белгиленген тартипте мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүдө отун-энергетикалык комплексинин субъекттери менен алардын кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн ортосундагы келишимдердин шарттарынын аткарылышын контролдойт;

- белгиленген тартипте мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүдө иштетүүчү өнөр жайда жана отун-энергетикалык комплексинде техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн жана белгиленген максаттуу көрсөткүчтөрдүн аткарылышын контролдойт;";

- 5-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү-он сегизинчи абзацтар менен толукталсын: 

"- мамлекеттик органдар менен бирге иштетүүчү өнөр жайдын жана отун-энергетикалык комплексинин мамлекеттик ишканаларынын мүлкүнүн наркына экспертиза жүргүзүүгө катышат;

- иштетүүчү өнөр жай жана отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндө эл аралык жана ата мекендик уюмдар менен кызматташтыкты жана ишти жүзөгө ашырат;

- мамлекеттик органдар менен бирге иштетүүчү өнөр жайга жана отун-энергетикалык комплексине инвестицияларды тартуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү уюштурат;

- башка өлкөлөрдө ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн жана энергетикалык компаниялардын кызыкчылыктарын алдыга жылдырууга көмөк көрсөтөт;

- техникалык, экологиялык жана өндүрүштүк коопсуздуктун эл аралык стандарттарына ылайык уранды казуу жана кайра иштетүү жаатында Министрлик менен Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиктин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле бул тармакка техникалык долбоорлорду тартуу боюнча сунуштарды киргизет;

- Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган аскердик-техникалык, аскердик-экономикалык кызматташтык боюнча эл аралык, мамлекеттер аралык комиссиялардын ишине катышат.";

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:

- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;

- министрликтин ведомстволук бөлүнүштөрүнүн жана ишканаларынын ишин регламенттештирүүчү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 360 "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомунун 6-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 219 "1992-жылдан 2000-жылдарга чейинки мезгилде берилген бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттер боюнча карыздарды кайтарууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 133 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 164 "Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Энергия" кыргыз илимий-техникалык борборунун маселелери жөнүндө" токтомунун 2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтомунун 9-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-мартындагы № 115 "Лицензияланууга тийиш болгон экспорттолуучу жана импорттолуучу өзгөчөлүү товарлардын, эксперт-уюмдардын жана лицензиарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн. 

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.



Кыргыз Республикасынын Премьер-министри


Т.Сариев


Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин
БАШКАРУУ СХЕМАСЫ


Тиркемелер

Басып чыгаруу