Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 67 “Куралдардын жана аскердик техниканын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импортун, экспортун лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Аскер багытындагы товарларды жүгүртүүнү жөнгө салуу жана контролдоо боюнча тийиштүү чараларды көрүү максатында, “Кыргыз Республикасында тышкы соода иштерин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 67 “Куралдардын жана аскердик техниканын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импортун, экспортун лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
2-пунктундагы “2018-жылдын” деген сөздөр “2020-жылдын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Куралдардын жана аскердик техниканын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импортун, экспортун лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жободо:
- 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
“акыркы пайдалануучунун сертификаты – ташылып келген аскер багытындагы продукция билдирилген максаттарда гана колдонула тургандыгы, ошондой эле экспорттоочу чет элдик мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын уруксатысыз үчүнчү өлкөлөргө экспорттолбой тургандыгы жөнүндө кыргыз импорттоочунун милдеттенмесин ырастаган, Кыргыз Республикасынын коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген документ;”;
- төмөнкүдөй мазмундагы 71-пункт менен толукталсын:
“71. Акыркы пайдалануучунун сертификатын алуу үчүн тышкы экономикалык иштин катышуучусу Кыргыз Республикасынын коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына төмөнкүдөй документтерди берет:
1) акыркы пайдалануучунун сертификатын алууга арызды;
2) экспорттоочу жана/же акыркы пайдалануучу менен контракттын көчүрмөсүн жана аларды идентификациялоо үчүн түп нускасын;
3) аскердик багыттагы продукциянын техникалык мүнөздөмөлөрү жана аларды колдонуу чөйрөсү жөнүндө маалыматтарды;
4) импорттоочунун кепилдик милдеттенмесин (Кыргыз Республикасында аскер багытындагы продукциянын импорту жөнүндө акыркы пайдалануучунун күбөлөндүрүүсү, ушул продукцияны билдирилген максаттарда колдонуу жөнүндө, Кыргыз Республикасынын коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатысыз аны Кыргыз Республикасынын аймагында чарбалык иштин башка субъектисине өткөрүп берүүгө жана/же үчүнчү өлкөлөргө реэкспорттоого жол бербөө жөнүндө).
Акыркы пайдалануучунун сертификаты ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделет.”;
- 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы редакцияда баяндалсын:
“8. Төмөнкүлөр боюнча лицензия талап кылынбайт:
1) кыргыз өндүрүшүнүн аскердик багыттагы продукцияларын эл аралык көргөзмөлөрдө көрсөтүү (иш-аракетте демонстрациялоо) үчүн ташып чыгууда, анда коргоо иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген көргөзмө экспонаттарынын (көргөзмөдө көрсөтүлө турган аскердик багыттагы продукциялардын үлгүлөрүнүн) номенклатурасы жана саны болушу керек;
2) чет өлкөлүк өндүрүштүн аскердик багыттагы продукцияларын эл аралык көргөзмөлөрдө көрсөтүү (иш-аракетте демонстрациялоо) үчүн ташып келүүдө;
3) сыноо жүргүзүү, окутуу үчүн аскердик багыттагы продукцияларды ташып чыгууда;
4) аскердик багыттагы продукцияларды келишим (контракт, макулдашуу) боюнча милдеттенмелерге ылайык оңдоо же алмаштыруу үчүн ташып чыгууда;
5) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана күч органдарынын муктаждыктары үчүн аскердик багыттагы продукцияларды ташып келүүдө (коргоонун жана улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгында).
Ушул пунктта көрсөтүлгөн аскердик багыттагы продукцияларды ташып келүү жана ташып чыгаруу түзүлгөн контракттардын (келишимдердин) негизинде, аскердик-техникалык кызматташуу багыты боюнча Кыргыз Республикасы катышкан, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашууларды ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин же Аскердик-техникалык кызматташуу жана экспорттук контролдоо боюнча комиссиянын чечимдеринин негизинде ишке ашырылат.”.
- Жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 3-тиркеме менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев