2015-жылдын 1-декабрынын № 170 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИ – МИНИСТРИНИН БУЙРУГУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министрдин  2015-жылдын 29-майындагы № 71 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин жана анын орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу   максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министрдин  2015-жылдын 29-майындагы № 71 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 1-главада  он төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси төмөнкү түзүмдүк  бөлүнүштөрдүн   ишин координациялайт:”;

- 2-главада:

 биринчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары мамлекеттик башкаруу, реалдуу секторду жана инфраструктураны өнүктүрүү, өнөр жай, кен пайдалануу  жана агроөнөр жай комплекси, аналитикалык, укуктук жана маалыматтык камсыздоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ишине жалпы жетекчиликти жана контролдоону жүргүзөт.”;

экинчи абзацында:

“энергетиканы” деген сөз “өнөр жайды” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

“иштөө” деген сөздөн кийин “, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрин аналитикалык камсыздоо” деген сөздөр менен толукталсын;

 он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары төмөнкү түзүмдүк  бөлүнүштөрдүн    ишин координациялайт:”;

он төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүн өнөр жай жана кен пайдалануу маселелери  бөлүгүндө;”;

 төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:

“- аналитикалык камсыздоо тобун.”;

- 3-главада:

 экинчи абзацы “Аппаратынын” деген сөздөрдөн кийин “отун-энергетикалык комплекси,” деген сөздөр менен толукталсын;

 он бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары төмөнкү түзүмдүк  бөлүнүштөрдүн  ишин координациялайт:”;

 төмөнкүдөй мазмундагы  жыйырма үчүнчү абзац менен толукталсын:

“- өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүн  отун-энергетикалык комплекси маселелери бөлүгүндө.”.

         Өкмөттүн  Аппарат

       жетекчиси - министр                                      Н.С.Момуналиев

      

 

Тиркемелер

Басып чыгаруу