КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-ноябрындагы № 771 токтому

4-топтогу мүлк объекттерине салыктын толук чогулуусун камсыз кылуу жөнүндө 

4-топтогу мүлк объекттерине салыкалуунун механизмин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 18-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө”Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10жана 17-беренелерине ылайыкКыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- 4-топтогу мүлк объекттерине салыктын  төлөнгөндүгүнырастоочу атайын наклейканын  үлгүсү 1-тиркемеге ылайык;

- 4-топтогу мүлк объекттерине салыктын төлөнгөндүгүн ырастоочу атайын наклейканын  сүрөттөлүшү 2-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- уюмдар, жеке ишкерлер жана жеке жактар үчүн 4-топтогу мүлк объекттерине салык төлөө үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан кеч эмес мөөнөттө  жүргүзүлөрү;

- 4-топтогу мүлк объекттери боюнча маалыматтыкэсептөөлөрберилгенден жана салык төлөнгөндөн кийин салык төлөөчүгө салыктын төлөнгөндүгүн ырастоочу, ушул токтомдун тиркемесине ылайык белгиленген формадагы, салык кызматы органынын кызматкеринин колу жана анын ысымы жазылганмөөрүменен күбөлөндүрүлгөн,графалары мамлекеттик же расмий тилде кол мененже машинкага басууаркылуу толтурулуучу атайын наклейканын(так отчеттуулук бланкы)акысыз берилери;

- атайын наклейка Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 330-беренесине ылайык 4-топтогу мүлк объекттерине  салык төлөөдөн  бошотулган адамдарга да берилери.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы №421“Жолдо жүрүүнүн эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча Негизги жоболорду бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат кылуу боюнча негизги жоболордо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызмат адамдарынынмилдеттеринде:

8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:

““4-топтогу мүлк объекттерине салык төлөө” –диаметри жантыгынан  80 мм жана тигинен65мм болгон сүйрүформадагы, тиешелүү түстөгү (атайын наклейканын түсү ыйгарым укуктуу салык органынын чечиминин негизиндежыл сайын өзгөрүлүп турат), сүрөттөлүшү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен үлгүгө шайкеш келген- механикалык транспорт каражатынын алдына (маңдайкы терезесине) жайгаштырылуучу  атайын наклейка.”.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы белгиленген тартипте :

-  ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Мамлекеттик каттоо кызматы жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматы менен бирге 4-топтогу мүлк объекттерине салыктын төлөнүшүн башкарууну жана контролдоону күчөтсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына үстүбүздөгү жана кийинки жылдаргакаралган каражаттардын чегиндебланктык продукцияны даярдоого каражаттарды каржылоону камсыз кылсын.

6.  Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы №720 “4-топтогу мүлк объекттерине салык төлөө мөөнөтүн белгилөө жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-августундагы №544 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 720 “4-топтогу мүлк объекттерине маалыматтык эсептөөлөрдү берүү жана салык төлөө мөөнөтүн белгилөө жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-августундагы №469 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 720 “4-топтогу мүлк объекттерине маалыматтык эсептөөлөрдү берүү жана салык төлөө мөөнөтүн белгилөө жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы №491 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 720 “4-топтогу мүлк объекттерине маалыматтык эсептөөлөрдү берүү жана салык төлөө мөөнөтүн белгилөө жөнүндө”  токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредитсаясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

8. Ушул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

9. Ушул токтом 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү  ушул токтомдун 1-3 жана 6-пункттарынан тышкары,расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин  күчүнө кирет.

  Премьер-министр                                                              Т.А.Сариев

тиркеме 

4-топтогу мүлк объекттерине салыктын төлөнгөндүгүн ырастоочу атайын наклейканын сүрөттөлүшү 

         4-топтогу мүлк объекттерине салыктын төлөнгөндүгүн ырастоочу атайын наклейка (мындан ары-наклейка) сүйрү формага ээ, диаметри жантыгынан 80мм жана тигинен 65мм болот, ал тыгыздыгы 250 кв/м кем эмес, төрт түстөгү мөөрлүү, тонгир торчосу түрүндөгү коргоо элементи көрүнүп турган кагаздан жасалат. Кагаздын өңү жыл сайын ыйгарым укуктуу салык органынын чечиминин негизинде өзгөрүп турат.

Наклейканын алдыңкы бетинин сүрөттөлүшү

         Наклейканыайландыра жогорку жана төмөнкү ачык жерлерге мамлекеттик жана расмий тилде типографиялык ыкма менен басылган:

         “КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫКЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА” деген жазуу жайгаштырылат.

Наклейканын борбордук бөлүгүнүн жогорку ачык жерине диаметри6мм түзгөн Кыргыз РеспубликасынынМамлекеттик герби түшүрүлөт.

Наклейканы айландыра мамлекеттик тилде 4-топтогу мүлк объекттерине болгон салыкты башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы” деп мамлекеттик тилде  жайгаштырылат.

         Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин төмөн жагында типографиялык ыкма менен басылган 4-топтогу мүлк объекттерине болгон салыктын төлөнгөн жылын билдирген цифралар (2016 жана андан ары) жайгаштырылат.

         Көрсөтүлгөн цифралардын төмөн жагына типографиялык ыкма менен басылган текст мамлекеттик тилде жазылат:

         “серия___ № ____ ”.

         Аталган тексттин төмөн жагына автомобилдин сүрөтү жайгаштырылат.

Наклейканын арткы бети

         Наклейканын сырткы бетин айландыра жогорку жана төмөнкү ачык жерлерине “Автоунаанын алдыңкы айнегинин төмөнкү оң бурчуна чапталат” деген жазуу мамлекеттик тилде жайгашат.

         Ортосуна жогорудан ылдый карай типографиялык ыкма менен басылган мамлекеттик тилдеги төмөнкүдөй текст жайгаштырылат:

         “Маркасы__________ Мамлекеттик №______ Төлөнгөн салыктын суммасы_______ Квитанциянын номери _______ датасы_________ __________________________ райондук (МСКБ) Салык кызматкери_______________________ _______________  __________ (аты-жөнү)             (колу)   (ИСН)_______________ М.О.”. ______________________________________________________

Тиркемелер

Басып чыгаруу