Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө” токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмүнүн бекитилишине жана аткаруу бийлигинин органдарынын иштерин оптималдаштырууга байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1-пунктунда:
- “а” пунктчасынын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик;”;
- “б” пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
“- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы;”;
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев