КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы №752 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 177 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана мекемелеринде ички аудит кызматын түзүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу 

Ички аудит системасын өркүндөтүү максатында, “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-мартындагы № 177 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана мекемелеринде ички аудит кызматтарын түзүү жөнүндө”  токтомуна төмөнкүдөй  толуктоолор киргизилсин:

- аталышы жана бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү “мамлекеттик органдары жана мекемелери” деген сөздөрдөн кийин  тийиштүү жөндөмөдө “, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” деген сөздөр  менен  толукталсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ички аудит кызматынын болушу милдеттүү болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин тизмесинде:

- аталышы жана бүткүл тексти боюнча  “мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин” деген сөздөрдөн кийин “, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын” деген  сөздөр менен толукталсын;

           - төмөнкүдөй мазмундагы 28-пункт менен толукталсын:

28

Бишкек шаарынын мэриясы

                                                                                                                                                                                                                                             ”.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин   күчүнө кирет.


 Премьер-министр                                                              Т.А.Сариев 

Тиркемелер

Басып чыгаруу