КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы №696 токтому

Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жана тергөө изоляторлорунда медициналык жардам көрсөтүүнүн тартибин бекитүү тууралуу 

Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде дарылоочу-профилактикалык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 73-беренесине, “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Тиркемеге ылайык Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жана тергөө изоляторлорунда медициналык жардам көрсөтүүнүн тартиби бекитилсин.
  2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                        Т.А.Сариев

Тиркеме