КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-октябрындагы №675 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

“Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу, мамлекеттик жөлөкпулдар системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана аларды дайындоонун даректүүлүгүн күчөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 822 “Мамлекеттик жөлөкпул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- 2-пункттагы “Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 5-пункттагы “камсыз кылуу, саламаттыкты сактоо, эмгек жана миграция” деген сөздөр “өнүктүрүү” деген сөз менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөнүн тартиби жөнүндө жободо:

27-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул калктын эмгек акысына жана башка социалдык төлөөлөргө кошумча төлөөлөрдүн райондук коэффициенттери белгиленген бийик тоолуу жана алыскы зоналарда жашаган үй-бүлөлөргө ошол райондук коэффициенттерди колдонуу менен чектелет.”;

37-пунктта:

- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- он алты жашка чыкканга чейинки балдарга жөлөкпул (жалпы билим берүү уюмдарынын жана башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын окуучуларына, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттерине - алар он сегиз жашка чыкканга чейин) – 705 сом өлчөмүндө;”;

- алтынчы жана жетинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;

371-пунктта:

-         экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“- он алты жашка чыкканга чейинки балдарга жөлөкпул (жалпы билим берүү уюмдарынын жана башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын окуучуларына, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттерине - алар он сегиз жашка чыкканга чейин) - райондук коэффициентке көбөйтүлгөн 705 сом өлчөмүндө;”;

- алтынчы жана жетинчи абзацтар  күчүн жоготту деп таанылсын;

38-пункт төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:

“- ай сайын берилүүчү жөлөкпулдун жаңы өлчөмү белгиленгенде.”;

39 жана 40-пункттардын экинчи сүйлөмдөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Мында ар бир балага жөлөкпулдун өлчөмү кайра эсептөө учуруна белгиленген он алты жашка чыкканга чейинки балдарга жөлөкпулдун  белгиленген өлчөмүндө эсептелет.”.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 824 “Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулун дайындоо үчүн үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:

- 4-пункттагы “Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигине” деген сөздөр “Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөкпулун дайындоо үчүн үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоонун тартиби жөнүндө жободо:

I главанын 2.1-пункту “стипендия,” деген сөздөн кийин “ошондой эле материалдык жардам, жеңилдиктердин ордуна ай сайын берилүүчү акчалай компенсациялар жана” деген сөздөр менен толукталсын;

II глава төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

“- материалдык жардам, жеңилдиктердин ордуна ай сайын берилүүчү акчалай компенсациялар.”;

VII главанын төртүнчү абзацы “(жеңилдиктердин ордуна ай сайын берилүүчү акчалай компенсациялардан тышкары)” деген сөздөр менен толукталсын.

3. Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине 2015-жылга каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.

4. Ушул токтом 2015-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.

5. Ушул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

 Премьер-министр                                                      Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу