КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-октябрындагы №673 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 11-ноябрындагы № 531 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын коммуналдык менчигине объектилерди өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө” токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу

 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын толук  кандуу иштешин камсыз кылуу жана жергиликтүү жамааттардын муниципалдык менчигин түзүү максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10  жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 11-ноябрындагы № 531 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын коммуналдык менчигине объектилерди өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

аталган токтомдун 4-тиркемесинин “Кара-Кулжа району” бөлүмүндө:

- “Кара-Кулджа айыл өкмөтү” бөлүмчөсүнүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Кара-Кулжа айыл өкмөтү”;

- “Кара-Кулжа айыл өкмөтү” бөлүмчөсү төмөнкүдөй мазмундагы позиция менен толукталсын:

  “
Үй-бүлөлүк медицина борборунун имараты,  Кара-Кулжа айылы, Т. Самидинов көчөсү  1 

158 588

”.
 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд жогоруда аталган объектини Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.

3. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл өкмөтүнө ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объектини белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрүү сунушталсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                         Т.А.Сариев                 

Тиркемелер

Басып чыгаруу