КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-сентябрындагы №669 токтому

Добуш берүү күнү шайлоо участокторунда техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү жана жарандарды идентификациялоону камсыздоо үчүн тартылган адамдарга компенсация жана эмгек акы төлөөнүн өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүнү камсыздоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 1. Добуш берүү күнү шайлоо участокторунда техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү жана жарандарды идентификациялоону камсыздоо үчүн тартылган адамдарга компенсация жана эмгек акы төлөөнүн өлчөмдөрү (салыктарды эсепке алуу менен) 9 000 (тогуз миң) сом өлчөмүндө белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Ош шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) «Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 11-июлундагы № 151 Мыйзамы менен каралган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын каражаттарынын эсебинен добуш берүү күнү шайлоо участокторунда техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү жана жарандарды идентификациялоону камсыздоо үчүн тартылган адамдарга компенсацияны жана эмгек акыны тиркеменин негизинде бөлүштүрүлгөн акча каражаттарына ылайык белгиленген тартипте төлөп беришсин.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                          Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу