КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-сентябрындагы №666 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-июлундагы № 557 “Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүнбекитүү тууралуу” токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-июлундагы № 557 “Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жобону, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту жөнүндө жобонун 1-пункту “Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту” деген сөздөрдөн кийин “(ID-карта)” деген сөз менен толукталсын.

2.    Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                                 Т.А.Сариев

  

Тиркемелер

Басып чыгаруу