“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-майындагы № 250 “Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2014/2015-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 649 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Бишкек шаарынын тургундарын электр жана жылуулук энергиялары, ысык суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-майындагы № 250 “Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2014/2015-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 649 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пунктундагы “1-сентябрына” деген цифра жана сөз “14-ноябрына” деген цифралар жана сөз менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев