Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-мартындагы № 113 “Айыл чарбасын каржылоо - 3” долбоорун бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын
11-мартындагы № 113 “Айыл чарбасын каржылоо - 3” долбоорун бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:
- 1-главанын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Республикалык бюджет үчүн Долбоордун 2015-жылга жалпы наркы 390,0 млн. сомду түзөт.”;
- 9-главанын он үчүнчү абзацындагы “210,0 млн. сом жана 2016-жылы 120,0 млн. сомдон ашык эмес өлчөмдөрдө” деген цифралар жана сөздөр “390,0 млн. сом өлчөмдө” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев