Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарында мектеп формасына бирдиктүү талаптарды киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик билим берүү саясатын түзүү жана ишке ашыруу, ушул чөйрөдөгү артыкчылыктарды аныктоо, ошондой эле окуучулардын арасында социалдык, мүлктүк жана башка айырмачылыктарды жоюу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10 жана 35-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын 1-11-класстарынын окуучулары үчүн мектеп формасына бирдиктүү талаптар тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- 2015-жылдын 1-сентябрынан баштап Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын 1-11-класстарынын окуучулары үчүн бекитилген Мектеп формасына бирдиктүү талаптарга ылайык мектеп формасын киргизүүгө киришсин;
- Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын уставдарына окуучулардын мектеп формасын киргизүү боюнча тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизсин.
3. Мектеп формасы ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражатынын эсебинен сатып алынаары белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын мектеп формасы менен камсыздоого көмөк көрсөтүшсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев