Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-августындагы № 575 токтому

“Датка-Кемин” 500 кВ чыңалуудагы электр берүү линиясын куруу үчүн жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-мартындагы № 148 “Датка-Кемин” 500 кВ электр берүү линиясын жана “Кемин” 500 кВ кичи станциясын куруу” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө”  токтомун аткаруу максатында, “Пекин шаарында 2012-жылдын 5-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өкүлчүлүк кылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы “Датка-Кемин” 500 кВ электр берүү линиясын жана “Кемин” 500 кВ кичи станциясын куруу” долбоорун каржылоо боюнча Жеңилдетилген кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” жана “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2013-жылдын 18-июлундагы

№ 79 токтомун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2013-жылдын 16-июлундагы № 252-б буйругун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2013-жылдын 13-декабрындагы № 227-б буйругун эске алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1.      “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан жалпы аянты 1,74 га жер участогу – 1-тиркемеге ылайык, “Токой фондунун жерлери” категориясынан жалпы аянты 3,34 га жер участогу – 2-тиркемеге

ылайык “Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулсун.

2.      Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган мамлекеттин менчигиндеги жер участоктор акысыз пайдаланууга “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомуна берилсин.

3.      Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

4.      Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                         Т.А.Сариев

Токтомго тиркеме