Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августындагы № 565 токтому

Чет өлкөдө шайлоо процессин уюштуруу жана өткөрүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө

 Чет мамлекеттин аймагында убактылуу жана туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн  шайлоо процессин уюштуруу боюнча кошумча чараларды көрүү, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык  Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 699 “Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алууну жана каттоо эсебинен чыгарууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

 жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыккан Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алууну жана каттоо эсебинен чыгарууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

- 31-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталсын:

 “Чет мамлекеттин аймагында убактылуу жана туруктуу жашаган, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө же консулдук мекемелеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары эгерде, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин жетекчилери Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына добуш берүү күнүнө чейин 55 календардык күндөн кечиктирбей шайлоочулардын тизмесин берген шартта консулдук жыйымдарды жана иш жүзүндөгү чыгымдарга жыйымдарды албастан консулдук эсепке алынды деп саналат.

Чет мамлекеттин аймагында убактылуу жана туруктуу жашаган, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө же консулдук мекемелеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары добуш берүүгө Кыргыз Республикасынын аймагында катышуу ниетин билдирген учурда добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбей ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген форма боюнча шайлоо дарегин өзгөртүү ниети жөнүндө арызы менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына – Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине кайрылууга милдеттүү.”.

2.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-ноябрындагы № 494 буйругуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо тартиби жөнүндө нускамада:

- 9-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

“Чет мамлекеттин аймагында убактылуу жана туруктуу жашаган, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө же консулдук мекемелеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары эгерде, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин жетекчилери Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына добуш берүү күнүнө чейин 55 календардык күндөн кечиктирбей шайлоочулардын тизмесин берген шартта Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо датасы аныкталганга чейин бир календардык жыл үчүн консулдук жыйымдарды жана иш жүзүндөгү чыгымдарга жыйымдарды албастан консулдук эсепке алынды деп саналат.

Чет мамлекеттин аймагында убактылуу жана туруктуу жашаган, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө же консулдук мекемелеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары добуш берүүгө Кыргыз Республикасынын аймагында катышуу ниетин билдирген учурда добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбей ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген форма боюнча шайлоо дарегин өзгөртүү ниети жөнүндө арызы менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына – Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине кайрылууга милдеттүү.”.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматы консулдук эсепке алуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын маалыматтар базасын түзүү максатында шайлоо өткөрүү датасынан тартып 30 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары жөнүндө информацияларды жеке маалыматтарын (аты-жөнү, туулган датасы, сүрөтү, жеке идентификациялык номери, Кыргыз Республикасында катталган дареги, барган чет мамлекетте убактылуу катталган дареги) милдеттүү түрдө көрсөтүү менен электрондук форматта Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине берсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.

5.  Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2015-жылдын 5-ноябрынан тартып колдонулат. 

 Премьер-министр                                                      Т.А.Сариев 

Тиркемелер

Басып чыгаруу