"Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору" ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө
Электр энергетикалык секторунда финансылык айкындуулукту жогорулатуу, электр энергиясын иштеп чыгуу, берүү жана бөлүштүрүү баланстарын түзүүнүн автоматташтырылган системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "2014-жылдын 26-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо II фаза" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" жана "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте "Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору" ачык акционердик коому түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду белгиленген тартипте:
- бир акциясынын номиналдык наркы 100 (жүз) сом болгон 1000 (миң) даана жөнөкөй энчилүү акцияларга бөлүнгөн 100000 (жүз миң) сом өлчөмүндөгү уставдык капиталы менен "Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору" ачык акционердик коомунун уюштуруучусу катары чыксын;
- мамлекеттик менчиктештирүү фондунун эсебинен "Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору" ачык акционердик коомунун уставдык капиталына 100000 (жүз миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатын салсын;
- "Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору" ачык акционердик коомунун Уставын бекитсин жана бул коомду юстиция органдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик эки айдын ичинде электр энергиясынын рыногунда "Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору" ачык акционердик коому тарабынан электр энергиясынын рыногунун катышуучуларына көрсөтүлүүчү эсептерди жана баланстарды берүү боюнча кызматынын наркын эсептеп чыксын жана бекитсин.
4. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду менен биргеликте үч айдын ичинде ушул токтомду ишке ашырууга багытталган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карап чыгууга киргизсин.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө, экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу | Т.Сарпашев |