Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 8-апрелиндеги №74 мыйзамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын ылайык келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын
18-февралындагы № 108 «Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда белгиленген токтомдо бекитилген ишкердиктин тобокелдик даражаларына баа берүүнүн критерийлериндеги:
57-пунктунун биринчи абзацында «букмекердик конторалар жана тотализаторлор ишин” деген сөздөр алып салынсын;
таблицадагы 3 пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 135 “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда белгиленген токтомдо бекитилген Көзөмөлдөө органдарынын тизмеси жана алардын ыйгарым укуктары жөнүндө жобого;
3-пунктун 6-пункчасындагы “ошондой эле, букмекердик конторалар жана тотализаторлорду кармоочу” деген сөз алып салынсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана насыя саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев