Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү процессинде ишке ашырылуучу административдик-башкаруучулук жана башка иш-аракеттерди тартипке салуу жана оптималдаштыруу, алардын сапатын жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 287-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбула жана 1-пункту “мамлекеттик” деген сөздөрдөн кийин “жана муниципалдык” деген сөздөр менен толукталсын:
- 2-пунктунда:
биринчи абзацы “Мамлекеттик” деген сөздөн кийин “жана муниципалдык” деген сөздөр менен, “мамлекеттик органдар” деген сөздөрдөн кийин “, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи жана үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
төртүнчү, алтынчы жана жетинчи абзацтары “мамлекеттик” деген сөздөн кийин “жана муниципалдык” деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын;
“- ай сайын муниципалдык кызматтардын административдик регламенттеринин иштелип чыккан долбоорлору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине отчет берип турсун;”:
- 3-пунктта:
биринчи абзацы “Экономика министрлиги” деген сөздөрдөн кийин “, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги” деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзацы “мамлекеттик” деген сөздөн кийин “жана муниципалдык” деген сөздөр менен, “мамлекеттик органдарга” деген сөздөрдөн кийин “жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына” деген сөздөр менен толукталсын;
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү администрациялык регламентинде:
- аталышы жана бүткүл тексти боюнча “мамлекеттик” деген сөздөн кийин “жана муниципалдык” деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-пункту “мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине” деген сөздөрдөн кийин “, Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык же жергиликтүү реестрине” деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пункту:
“Мамлекеттик” деген сөздөн кийин “же муниципалдык” деген сөздөр менен толукталсын;
“мамлекеттик” деген сөздөн кийин “же муниципалдык” деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-пункту:
биринчи жана экинчи абзацтары “мамлекеттик” деген сөздөрдөн кийин “же муниципалдык” деген сөздөр менен толукталсын;
төртүнчү абзацы “керектөөчүгө мамлекеттик” деген сөздөрдөн кийин “же муниципалдык” деген сөздөр менен толукталсын, “мамлекеттик ишканалардын” деген сөздөр “ишканалардын” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 5-пункту “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн” деген сөздөрдөн кийин “же жергиликтүү кеңештин” деген сөздөр менен толукталсын:
- 6-пункту “мамлекеттик” деген сөздөрдөн кийин “же муниципалдык” деген сөздөр менен толукталсын:
- 8-пункту:
“органдын” деген сөздөн кийин “же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын” деген сөздөр менен толукталсын;
“мамлекеттик жана муниципалдык органдардын” деген сөздөр “мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 13-пункту “мамлекеттик” деген сөздөн кийин “же муниципалдык” деген сөздөр менен толукталсын:
- 14-пункту:
“органдын” деген сөздөн кийин “же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын” деген сөздөр менен толукталсын;
“Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине” деген сөздөрдөн кийин, “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык же жергиликтүү реестрине” деген сөздөр менен толукталсын;
экинчи абзацындагы “байкоочу” деген сөз алып салынсын;
бешинчи абзацы “мамлекеттик” деген сөздөн кийин “же муниципалдык” деген сөздөр менен толукталсын:
- 15 жана 16-пункттары “мамлекеттик” деген сөздөрдөн кийин “же муниципалдык” деген сөздөр менен толукталсын;
- 17-пунктундагы “мамлекеттик жана муниципалдык органдардын” деген сөздөр “мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын:
- 19-пункту:
“Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине” деген сөздөрдөн кийин “, Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык жана жергиликтүү реестрине” деген сөздөр менен толукталсын;
“мамлекеттик органдын” деген сөздөрдөн кийин “же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын” деген сөздөр менен толукталсын:
- 20-пункту “жооптуу мамлекеттик” деген сөздөрдөн кийин “же муниципалдык” деген сөздөр менен толукталсын;
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн администрациялык регламенттерин иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- аталышы “Мамлекеттик” деген сөздөн кийин “жана муниципалдык” деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“1. Ушул Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн администрациялык регламенттерин иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган реестрине (тизмегине) (мындан ары - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестри) кирген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы № 6 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү Муниципалдык кызматтардын базалык реестрине же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдун тиешелүү жергиликтүү реестрине (мындан ары - Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдун реестри)” кирген муниципалдык кызматтардын администрациялык регламенттерин иштеп чыгуунун негизги принциптерин жана тартибин белгилейт.”:
- 2, 3, 7, 8, 9, 11, 13, 16 жана 18-пункттары “Мамлекеттик”, “мамлекеттик” деген сөздөрдөн кийин “жана муниципалдык” деген сөздөр менен толукталсын:
- 4-пунктта:
биринчи абзацы “мамлекеттик органдарга” деген сөздөрдөн кийин “же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына” деген сөздөр менен толукталсын:
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине же Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине ылайык бул комиссиялар жөнүндө жоболорго жана курамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизишет.”;
төртүнчү абзацындагы “байкоочу” деген сөз алып салынсын, “мамлекеттик органдын” деген сөздөн кийин “же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын” деген сөздөр менен толукталсын;
бешинчи абзацы “мамлекеттик” деген сөздөн кийин “же муниципалдык” деген сөздөр менен толукталсын:
- 5-пункту:
“мамлекеттик органдын” деген сөздөн кийин “же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын” деген сөздөр менен толукталсын:
“тиешелүү мамлекеттик” деген сөздөрдөн кийин “же муниципалдык” деген сөздөр менен толукталсын;
6-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“6. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине же Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине ылайык тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн жооптуу мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин орун басарларынын бири комиссияны жетектейт.”:
- 7-пунктунун үчүнчү абзацы “мамлекеттик органдын” деген сөздөрдөн кийин “же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын” деген сөздөр менен толукталсын;
- 11-пункту “мамлекеттик орган” деген сөздөрдөн кийин “же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы” деген сөздөр менен толукталсын:
- 16-пунктунун экинчи абзацы “мамлекеттик орган” деген сөздөрдөн кийин “же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы” деген сөздөр менен толукталсын:
- 17-пункту:
“мамлекеттик органдардын” деген сөздөрдөн кийин “же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын” деген сөздөр менен толукталсын:
“тиешелүү мамлекеттик”, “жайгашкан мамлекеттик” деген сөздөр “жана муниципалдык” деген сөздөр менен толукталсын.
Премьер-министр Т.А.Сариев