Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-июлундагы № 530 токтому

А. Осмоновдун мемориалдык комплексин мамлекеттик менчикке кабыл алуу жөнүндө 

А. Осмоновдун мемориалдык комплексин натыйжалуу кармоону камсыздоо максатында, Чүй облусунун Панфилов районундагы Курама айылдык кеңешинин 2015-жылдын 20-январындагы № 18 “А. Осмоновдун мемориалдык комплексинмамлекеттин менчигине өткөрүп берүүгөмакулдук берүү жөнүндө” токтомун жана Чүй облусунун Панфилов районундагы Курама айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-февралындагы № 48 “А. Осмоновдун мемориалдык комплексинмамлекеттин менчигине өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө” чечимин көңүлгө алып, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Чүй облусу, Панфилов району, Панфилов айылы, Центральная көчөсү 91 а дареги боюнча жайгашкан А. Осмоновдунмемориалдык комплекси аянты 2,9 га болгон жеручастогу менен мамлекеттик менчикке кабыл алынсын.

2. А. Осмоновдун мемориалдык комплекси Алыкул Осмонов атындагы Мамлекеттик мемориалдык комплексдеп кайра аталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:

- ушул токтомдун 1-пунктунан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объектини Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин.

4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объектини белгиленген тартипте ыкчам башкарууга кабыл алсын;

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объектини күтүүнү жана максаттуу пайдаланууну жүзөгө ашырсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы белгиленген тартипте жерлерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин жана ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объектиге укугун ырастоочу документтерди Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине  берсин.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 11-ноябрындагы № 531 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын коммуналдык менчигине объектилерди өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемесинде:

- төмөнкү позиция күчүн жоготту деп таанылсын:

Панфилов а. музей

1

65,0

     ”.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын20-августундагы № 568 “Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомменен бекитилгенКыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинде:

- 186-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

186Алыкул Осмонов атындагы Мамлекеттик мемориалдык комплекс

Тарых

1990-ж.Панфилов айылы (Каптал-Арык), Центральная көч., 91 а

”.

8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

Премьер-министр                                                            Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу