Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын атайын эсеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын натыйжалуу иши үчүн керектүү шарттарды түзүү жана кызматкерлерди социалдык жактан коргоону камсыз кылуу, материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана Кыргыз Республикасынын финансы рыногун жөнгө салуу тутумунда жогорку кесипкөй кадрларды калтыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын атайын эсеби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын атайын эсеби жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын атайын эсебинин каражаттары (мындан ары – атайын эсеп) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын (мындан ары – Мамфинкөзөмөл), анын аймактык бөлүнүштөрүнүн тиешелүү материалдык-техникалык базасын түзүү жана алардын ишин жакшыртуу үчүн зарыл шарттарды түзүү, кепилдиктерди камсыз кылуу, кызматкерлерин социалдык жактан коргоо максатында түзүлөт.
2. Атайын эсептин каражаттары белгиленген жол-жоболорго ылайык Казыналык тутум аркылуу чыгымдалат.
3. Мамфинкөзөмөлдүн жетекчиси финансылык документтерге кол коюу укугу менен атайын эсептин каражаттарынын тескөөчүсү болуп саналат.
Атайын эсептин каражаттары аткаруу кеңеши бекиткен атайын сметанын негизинде чыгымдалат.
2. Атайын эсепти түзүүнүн булактары жана тартиби
4. Атайын эсептин каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте алынуучу жыйымдардын жана төлөмдөрдүн;
2) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн;
3) гуманитардык, демөөрчүлүк жардам түрүндө келип түшкөн каражаттардын, гранттардын жана каражаттардын;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка келип түшүүлөрдүн.
5. Акча каражаттардын түшүүсү накталай жана накталай эмес түрдө, улуттук валютада, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чет элдик валютада жүзөгө ашырылат.
3. Атайын эсептин каражаттарын пайдалануунун негизги багыттары жана тартиби
6. Атайын эсептин каражаттары төмөнкүдөй максаттарга пайдаланылат:
1) Мамфинкөзөмөлдүн ишин камсыз кылуу үчүн материалдык-техникалык базаны өнүктүрүү жана чыңдоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө (компьютердик, көбөйтүү техникаларын, байланыш каражаттарын, жабдууларды, инвентарларды, материалдарды ж.б. сатып алууга жана жаңылоого), Мамфинкөзөмөлдүн кызматкерлеринин ишин финансылык, материалдык-техникалык, социалдык-тиричилик, санатордук-курорттук жана медициналык жактан камсыз кылууга, социалдык-маданий, спорттук иш-чараларды, семинарларды жана кеңешмелерди өткөрүүгө;
2) кызматтык максаттар үчүн автотранспортторду, анын белен тетиктерин жана күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга;
3) Мамфинкөзөмөлдүн кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну уюштурууга жана окууларды өткөрүүгө;
4) Мамфинкөзөмөлдүн жана анын аймактык бөлүнүштөрүнүн кызматкерлерин сыйлоого, материалдык жактан колдоого жана материалдык жардам көрсөтүүгө, анын ичинде дарылоо максаттары үчүн;
5) чыгымдардын сметасы боюнча бюджеттик каражат жок болгон жана жетишпеген учурда турак жай ижарасына чыгымдарды төлөөгө, командировкалык, өкүлчүлүк жана башка чыгымдардын ордун толтурууга;
6) Мамфинкөзөмөлдүн жана анын аймактык бөлүнүштөрүнүн кызматкерлери үчүн турак жай куруу, кызматтык жайларды жана турак жайларды капиталдык жана учурдагы оңдоого, эмгектик жана тиричилик шарттарды жакшыртуу боюнча башка чыгымдарга жумшоого;
7) Пенсияга чыгышына байланыштуу иштен бошогон Мамфинкөзөмөлдүн кызматкерлерине жана иштебеген пенсионерлерге бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;
8) чет элдик меймандар менен жолугушууларды уюштурууга, тажрыйба алмашуу жана квалификацияны жогорулатуу боюнча чет өлкөгө кеткен кызматкерлердин командировкалык чыгымдарын, ошондой эле сметада каралбаган башка чыгымдарды төлөп берүүгө;
9) Мамфинкөзөмөлдүн администрациясы менен анын кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы (профсоюздук комитети) менен түзүлгөн жамааттык келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууга;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган жөнүндө мыйзамга ылайык Мамфинкөзөмөлгө жана анын аймактык бөлүнүштөрүнө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу боюнча алардын ишин жакшыртууга багытталган башка иш-чараларды жүргүзүүгө;
11) баалуу кагаздар рыногунун (IOSCO), аудиттин (IFIAR) жана Финансылык отчеттун жана камсыздандыруунун эл аралык стандарттарынын маселелери боюнча эл аралык уюмдарга мүчөлүк төгүмдөрдү төлөөгө;
12) Аудиттин эл аралык стандарттарын сатып алуу, кыргыз тилине которуу жана жарыялоо үчүн төлөп берүүгө;
13) аудитордун жана баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун квалификациялык сертификатын алуу укугуна квалификациялык экзамендерди өткөрүүнүн программасына ылайык тесттик тапшырмаларды түзүү боюнча эксперттердин кызматына акы төлөөгө;
14) аудитордун жана баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун квалификациялык сертификатын алуу укугуна квалификациялык экзамендерди өткөрүү боюнча аттестациялык комиссиянын мүчөлөрү түзгөн тесттик тапшырмаларды экспертизадан өткөрүү үчүн акы төлөөгө;
15) аудитордун жана баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун квалификациялык сертификатын алуу укугуна квалификациялык экзамендерди өткөрүү боюнча аппеляциялык комиссиянын адистеринин ишине акы төлөөгө;
16) Аудиттин эл аралык стандарттарын пайдалануу боюнча колдонмолорду, методикаларды түзүү жаатындагы илимий-изилдөө иштерине акы төлөөгө;
17) баалуу кагаздар рыногу, аудит, Финансылык отчеттун эл аралык стандарттары жана камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүчү сунуштарды иштеп чыгуу боюнча эксперттердин кызматтарына акы төлөөгө;
18) аудитордун жана баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун квалификациялык сертификатын алуу укугуна квалификациялык экзамендерди өткөрүү боюнча Мамфинкөзөмөлдүн уюштуруучулук чыгымдарынын ордун толтурууга;
19) Мамфинкөзөмөлдүн кызматкерлерине ссуда берүүгө;
20) тамактануунун жана шаардын, райондун чектеринде коомдук транспорттогу жол киресинин наркын компенсациялоого.
7. Мамфинкөзөмөл атайын эсептин каражаттарын пландаштырат, каражат түшүүнүн жана бөлүштүрүүнүн эсебин жүргүзөт жана белгиленген тартипте аларды пайдалануу жөнүндө отчет берет.
Атайын эсептин каражаттары ушул Жобого ылайык туура пайдаланылат.