Монополияга каршы мыйзамдардын бузулушуна алып келүүчү аракеттерге жол бербөө жөнүндө эскертүү берүүнүн тартибин бекитүү тууралуу
Монополияга каршы мыйзамдарды бузуунун алдын алуу максатында, “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 181-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Монополияга каршы мыйзамдардын бузулушуна алып келүүчү аракеттерге жол бербөө жөнүндө эскертүү берүүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу эл аралык келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев