Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 493 токтому

Кыргыз Республикасынын аймагындагы объекттерди жарышдолбоорлоо жана куруу жөнүндө,  Бишкек шаарындагы кварталдардын куруу долбоорунун курамы, аны иштеп чыгуу жана бекитүү тартиби жөнүндө убактылуу жоболорду бекитүү тууралуу

Объекттерди долбоорлоо жана куруу мөөнөттөрүн кыскартуу,  Бишкек шаарындагы шаар куруу ишинде түзүлгөн көйгөйлүү кырдаалды жоюу боюнча тез чараларды көрүү максатында, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын аймагындагы объекттерди жарыш долбоорлоо жана куруу жөнүндө Убактылуу жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Бишкек шаарындагы кварталдарды куруу долбоорунун курамы, аны иштеп чыгуу жана бекитүү тартиби жөнүндө Убактылуу жобо 2-тиркемеге ылайык.

2. Бишкек шаарынын мэриясына Бишкек шаарындагы кварталдардын куруу долбоорунун курамы, аны иштеп чыгуу жана бекитүү тартиби жөнүндө бекитилген убактылуу жобого ылайык Бишкек шаарындагы  кварталдарды  курулуш  долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгуу сунушталсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын аймагында курулушту этабы менен жүргүзүүнү жана объекттерди долборлоону караштырган мыйзам кабыл алынганга чейин колдонулат.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр                                                              Т.А.Сариев

Тиркеме