Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 660 «Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын социалдык багытталышын күчөтүү максатында, аны ишке ашыруунун биринчи этабында отун-энергетикалык комплекстин туруктуу иштеши үчүн талаптагыдай шарттарды бир убакта камсыз кылуу менен, Кыргыз Республикасынын «Энергетика жөнүндө», «Электр энергетикасы жөнүндө» мыйзамдарына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 660 «Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатында: - 3-главасынын «Калк» бөлүмүндө: үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Жогоруда айтылгандардын негизинде, кыргыз энергетика тутумунун мүмкүнчүлүгүн жана бир тиричиликтик абоненттин электр энергиясын орточо айлык керектөөсүн эске алып, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана жетүүгө кыйын алыскы аймактарында жашаган калкты кошпогондо, өлкөнүн «калк» тобундагы бардык керектөөчүлөрү үчүн электр энергиясын социалдык багытталган тариф боюнча жеңилдетилген керектөөнүн кепилденген көлөмү айына 700 кВт.с өлчөмдө белгиленет. Керектөөчүлөрдүн аталган категориясы үчүн 1-октябрдан 1-майга чейинки мезгилде социалдык багытталган тариф боюнча электр энергиясын жеңилдетилген керектөөнүн кепилденген көлөмү - айына 1000 кВт.с, ал эми 1-майдан 1-октябрга чейин 700 кВт.с өлчөмдө белгиленет. Электр энергиясын жеңилдетилген керектөөнүн кепилденген көлөмүнө төлөм 70 тыйын/кВт.с тарифи боюнча жүргүзүлөт, ал 2015-2017-жылдарда жыл сайын ОМТСнын 1 жана 2-тиркемелерине ылайык жогорулатылат.»;
бешинчи абзацындагы «, б.а. 700 кВтс ашык» деген сөздөр жана цифралар алып салынсын; алтынчы абзацындагы «айына 700 кВтс» деген сөздөр жана цифралар «жеңилдетилген керектөөнүн кепилденген көлөмүнөн» деген сөздөр менен алмаштырылсын; - 1-тиркемеде: «01.06.2015», «01.06.2016» жана «01.06.2017» деген цифралар тиешелүү түрдө «01.08.2015», «01.08.2016» жана «01.08.2017» деген цифралар менен алмаштырылсын; 1-пунктунун 1.1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «
1.1 | Айына 700 кВт.с чейин керектегенде (1-октябрдан 1-майга чейинки мезгилге бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын алыскы аймактардагы калктан тышкары) | тыйын/кВт.с | 70,0 | 77,0 | 93,2 | 121,0 |
Өсүш | % | 0 % | 10,0 % | 21,0 % | 29,8,0 % |
»; 1-пунктунун 1.2-пунктчасындагы «Керектөөчүлөрдүн тобу» графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Айына 700 кВт.с жогору керектөөдө* (1-октябрдан 1-майга чейинки мезгилге бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын алыскы аймактардагы калктан тышкары)”; 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 1.3 жана 1.4-пунктчалар менен толукталсын: «
1.3 | Бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын алыскы аймактардагы калк айына 1000 кВт.с чейин керектегенде (1-октябрдан 1-майга чейинки мезгилге) | тыйын/ кВт.с | 70,0 | 77,0 | 93,2 | 121,0 |
Өсүш | % | 0 % | 10,0 % | 21,0 % | 29,8 % | |
1.4 | Бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын алыскы аймактардагы калк айына 1000 кВт.с ашык керектегенде* (1-октябрдан 1-майга чейинки мезгилге) | тыйын/кВт.с | орточо өлчөнгөн тариф (120,3**+ импорттун баасы) | орточо өлчөнгөн тариф (128,7+ импорттун баасы) | орточо өлчөнгөн тариф (137,7+ импорттун баасы) | орточо өлчөнгөн тариф (147,4+ импорттун баасы) |
Өсүш | % | 71,8 % | 7,0 % | 7,0 % | 7,0 % |
»;
Эскертүүнүн биринчи абзацы «700 кВт.с жогору» деген цифралардан жана сөздөрдөн кийин «жана 1000 кВт.с (бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын алыскы аймактардагы калк үчүн 1-октябрдан 1-майга чейинки мезгилге)» деген сөздөр жана цифралар менен толукталсын;
- 2-тиркемеде:
«01.06.2015», «01.06.2016» жана «01.06.2017» деген цифралар тиешелүү түрдө «01.08.2015», «01.08.2016» жана «01.08.2017» деген цифралар менен алмаштырылсын;
1-пунктунун 1.1 жана 1.2-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«
1.1 1.2 | Бардык абоненттер 150 кВт.с чегинде | тыйын/кВт.с | 4,5 | 8,8*** | 2015-жылы Токтогул ГЭСинде иштелип чыгуучу электр энергиясынын иш жүзүндөгү наркы боюнча | 2016-жылы Токтогул ГЭСинде иштелип чыгуучу электр энергиясынын иш жүзүндөгү наркы боюнча |
Өсүш | % | 0 % | 95,5 % | |||
Айына 150 кВт.с ашык 700 кВт.с чейин керектегенде (бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын алыскы аймактардагы калктан тышкары (1-октябрдан 1-майга чейинки мезгилге) | тыйын/кВт.с | 70,0 | 77,0 | 93,2 | 121,0 | |
Өсүш | % | 0 % | 10,0 % | 21,0 % | 29,8 % |
»; 1-пунктунун 1.3-пунктчасындагы «Керектөөчүлөрдүн тобу» графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “700 кВт.с жогору бардык абоненттер* (1-октябрдан 1-майга чейинки мезгилге бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын алыскы аймактардагы калктан тышкары)”; 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 1.4 жана 1.5-пунктчалар менен толукталсын: «
1.4 | Бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын алыскы аймактардагы калк айына 1000 кВт.с чейин керектегенде (1-октябрдан 1-майга чейинки мезгилге) | тыйын/кВт.с | 70,0 | 77,0 | 93,2 | 121,0 |
Өсүш | % | 0 % | 10,0 % | 21,0 % | 29,8 % | |
1.5 | Бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын алыскы аймактардагы калк айына 1000 кВт.с ашык керектегенде (1-октябрдан 1-майга чейинки мезгилге)* | тыйын/кВт.с | орточо өлчөнгөн тариф (120,3**+ импорттун баасы) | орточо өлчөнгөн тариф (128,7+ импорттун баасы) | орточо өлчөнгөн тариф (137,7+ импорттун баасы) | орточо өлчөнгөн тариф (147,4+ импорттун баасы) |
Өсүш | % | 71,8 % | 7,0 % | 7,0 % | 7,0 % |
»; Эскертүүнүн биринчи абзацы «700 кВт.с жогору» деген цифралардан жана сөздөрдөн кийин «жана 1000 кВт.с (1-октябрдан 1-майга чейин мезгилге бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын алыскы аймактардагы калк үчүн)» деген сөздөр жана цифралар менен толукталсын;
Эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
«*** Кыргыз Республикасынын «Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо жөнүндө» жана «Жалалабат областынын Каракөл шаарынын калкынын электр энергиясы үчүн акы төлөөсү тууралуу» мыйзамдарына ылайык Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын калкы керектеген электр энергиясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген керектөө ченемдерин эске алуу менен Токтогул ГЭСинде иштелип чыккан электр энергиясынын өздүк наркы боюнча төлөнөт.».
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев