"Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | Т.Сариев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Жөнгө салуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам ипотекалык баалуу кагаздардын эмиссиясында жана аларды жүгүртүүдө, ошондой эле ипотекалык баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелерди аткарууда келип чыккан мамилелерди жөнгө салат.
2. Ипотекалык күрөөлүк менен байланышкан мамилелер аларды ипотекалык төлөмдүн курамында пайдалануу бөлүгүндө гана ушул Мыйзам менен жөнгө салынат.
2-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
ипотекалык баалуу кагаз - ипотекалык төлөмү бар облигация, же болбосо катышуунун ипотекалык сертификаты;
ипотекалык төлөм - ипотекалык күрөөлүк менен күбөлөндүрүлгөн кредиттик келишими жана зайым келишими боюнча карыздын негизги суммасын кайтаруу жөнүндө, пайыздарды төлөө жөнүндө ипотека менен камсыздалган талаптар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы жана/же чет элдик валютадагы акча каражаттары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары, ушул Мыйзамда белгиленген учурларда кыймылсыз мүлк;
ипотекалык күрөөлүк - энчилүү баалуу кагаз, анын мыйзамдуу ээсинин төмөнкүдөй укуктарын ырастайт:
- акчалар боюнча милдеттенмелердин бар экендигине башка далилдерди бербей туруп ипотека менен камсыз кылынган акчалар боюнча милдеттенмелерди аткарууга алынган укук;
- ипотека менен чектелген мүлктүн эсебинен ипотека менен камсыз кылынган милдеттенмелерди канааттандырууну алууга укук;
катышуунун ипотекалык сертификаты - ипотекалык төлөмгө жалпы менчик укугунда энчилүү баалуу кагаздын ээсинин үлүшүн, аны берген адамдан ипотекалык төлөмдү талаптагыдай ишеним башкарууну талап кылуу укугун, талаптары ипотекалык төлөмдү түзгөн милдеттенмелерди аткаруу үчүн алынган акча каражаттарын алуу укугун, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган башка укуктарды күбөлөндүрүүчү энчилүү баалуу кагаз;
ипотекалык жабуусу бар облигация - облигация, ал боюнча милдеттенмелердин аткарылышы ипотекалык төлөмдүн күрөөсү менен камсыздалат;
ипотекалык жабуусу бар облигациялардын эмитенти - өз атынан ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруучу жана ушуга байланыштуу алар боюнча бардык милдеттенмелерди алуучу жак;
катышуунун ипотекалык сертификаттарынын эмитенти - инвестициялык активдерди ишеним башкаруу боюнча ишке лицензиясы бар, өзү кудуретсиз болуп калган учурда ипотекалык төлөмдү ишеним башкаруучу катары ипотекалык төлөмү бар облигациялардын эмитенти аныктаган баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу.
2-глава. Ипотекалык төлөмү бар облигациялардын эмиссиясы жана жүгүртүлүшү
3-берене. Ипотекалык төлөм
1. Ипотекалык баалуу кагаздардын эмитенти ипотекалык төлөмү бар облигациялардын эмитенти тарабынан алардын ар бир чыгарылышы үчүн өзүнчө түзүлөт. Ипотекалык баалуу кагаздардын ар бир чыгарылышы үчүн ипотекалык төлөмдүн өлчөмү аларды жүгүртүүнүн бардык мөөнөттөрүнүн ичинде алардын нак наркынын суммасынын жүз пайызынан кем болушу мүмкүн эмес. Ипотекалык төлөмдүн өлчөмүн ипотекалык төлөмү бар облигациялардын эмитенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жана мөөнөттө эсептейт.
2. Ипотекалык төлөмгө киргизилген ипотекалык күрөөлүк төмөндө аталган талаптарга ылайык келүүсү керек:
- ипотека келип чыккан талаптарды камсыз кылуучу зайым келишиминин (кредит келишиминин) предмети болуп акча каражаттары гана эсептелүүгө тийиш;
- тийиштүү талаптарды камсыз кылуучу ипотека жөнүндөгү келишимде жана ипотекалык күрөөлүктө ипотеканын предмети болуп эсептелген күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктү күрөө кармоочунун макулдугусуз күрөөнү берүүчүнүн алмаштыруу же ажыратуу мүмкүнчүлүгү каралбоого тийиш;
- тийиштүү милдеттенменин аткарылышын камсыз кылуу үчүн күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлк милдеттенменин колдонулушунун бүткүл мөөнөтүнүн ичинде күрөөнү кармоочунун пайдасына аны жоготуу же бузулуу кооптуулугунан камсыздандырылууга тийиш. Мында камсыздандыруу суммасы ипотека менен камсыз болгон талаптардын өлчөмүнөн (суммадан) аз болбоого тийиш.
3. Ипотекалык төлөм төмөнкү учурларда ипотекалык күрөөлүктү түзө албайт, эгерде:
- алар башка милдеттенмелерди камсыз кылууга коюлса, же болбосо башка ипотекалык баалуу кагаздар боюнча ипотекалык төлөмдүн курамына киргизилсе;
- ипотека күрөөлүгү боюнча милдеттенмелер аткарылбаса, атап айтканда үч айдан ашуун же кийинки катары менен он эки айдын ичинде үч жолудан ашуун төлөмдөрдү төгүү мөөнөтүн бузса;
- ипотеканын предмети жоголсо, анын ичинде кыймылсыз мүлккө (ипотекага) күрөө укугунун жараксыздыгын таануу жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө киришинин же башка негиздер боюнча токтотулушунун натыйжасында;
- милдеттенме боюнча карызкор банкроттук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте кудуретсиз (банкрот) деп таанылса, же болбосо ал мындай милдеттенмени толук аткарса;
- ипотекалык баалуу кагаздарды жана алардын эмиссияларынын проспектин чыгаруу жөнүндө чечимде каралган башка учурларда.
4. Бир эле мүлк, анын ичинде ошол эле милдеттенме боюнча талаптар бир гана ипотекалык төлөмдүн курамына кирет.
5. Улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттары анын өлчөмүнүн 10 пайызынан ашпаган суммада ипотекалык төлөмдүн курамына кириши мүмкүн. Ипотекалык төлөмдүн курамына кирген акча каражаттарын сактоонун жана эсебин алуунун тартибине коюлуучу талаптар, ошондой эле ипотекалык төлөмгө киргизиле турган чет өлкөлүк валютанын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
6. Мамлекеттик баалуу кагаздар ипотекалык төлөм курамына анын өлчөмүнүн 20 пайыздан ашпаган суммасында кириши мүмкүн, мында алардын баалануучу наркын эсептеп чыгуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Ипотекалык төлөмгө кирген мамлекеттик баалуу кагаздардын эсебин алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
7. Турак жай эмес кыймылсыз мүлк анын өлчөмүнүн 10 пайызынан ашпаган суммада ипотекалык төлөмдүн курамына киргизилиши мүмкүн, ушуну менен бирге мындай кыймылсыз мүлктүн баалануучу наркын аныктоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
8. Ипотекалык төлөмдүн курамына кирген ипотекалык күрөөлүктүн эсептик наркынын кошундусу анын өлчөмүнүн 70 пайызынан аз эмесин түзүүгө тийиш. Ипотекалык күрөөлүктүн эсептик наркы ипотека менен камсыздалган милдеттенме боюнча негизги карыздын өлчөмүнөн ашпоого тийиш.
9. Ипотекалык төлөмдүн жалпы суммасы ушул берененин талаптарына ылайык эсептелген, аны түзүүчү активдердин наркын кошуу жолу менен жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте эсептелет.
10. Ипотекалык төлөмдөрдү түзгөн ипотекалык төлөмү бар облигациялардын эмитентинин мүлкүнө ошол ипотекалык төлөмдү камсыз кылуу үчүн арналган анын милдеттенмелерине гана өндүрүп алуу чегерилиши мүмкүн.
4-берене. Мүлктү ипотекалык төлөмдүн курамынан чыгаруу
Мүлктү ипотекалык төлөмдүн курамынан чыгарууга аларды алмаштырууга байланыштуу гана жол берилет. Ипотекалык төлөмдү түзүүчү талаптарды алмаштырууга ушул Мыйзамда каралган учурларда гана жол берилет.
5-берене. Ипотекалык төлөмдүн реестри
1. Ипотекалык төлөмдү түзгөн мүлктөрдүн эсебин алуу ипотекалык төлөмдүн реестрин жүргүзүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Ипотекалык төлөмдүн реестрин лицензиясы бар депозитарий жүргүзөт. Ипотекалык төлөмдүн реестри ипотекалык төлөмдөрү бар облигациялардын ар бир чыгарылышы боюнча өзүнчө жүргүзүлөт. Ипотекалык төлөмдүн реестри коммерциялык сырды түзбөйт.
2. Ипотекалык төлөмдү түзгөн талаптар жөнүндөгү жана башка мүлк тууралуу маалыматтар алардын ар бирине карата төмөндөгүлөр көрсөтүлүү менен ипотекалык төлөмдүн реестрине киргизилет:
- талаптардын (анын ичинде карыздын негизги суммасы жана пайыздардын өлчөмдөрү) же мүлктүн наркынын (акчалай баасынын) суммасы;
- ипотекалык төлөмдү түзгөн мүлктүн аталышы жана идентификациялоо үчүн жетиштүү сыпатталышы жана (же) ипотекалык төлөмдү түзгөн талапты, милдеттенмени аткарууну камсыз кылуучу ипотека белгиленген мүлк, анын ичинде мындай мүлктүн жайгашкан орду;
- ипотека белгиленген мүлктүн рыноктук наркы (акчалай баасы);
- эгерде бул сумма бөлүп-бөлүп төлөнүүгө тийиш болсо, талаптын суммасын төлөөнүн мөөнөтү, тийиштүү төлөмдөрдүн мөөнөттөрү (мезгилдүүлүгү) жана бул мөөнөттөрдү жана төлөмдөрдүн өлчөмдөрүн (карызды төлөөнүн планы) аныктоого мүмкүндүк берген шарттардын ар биринин өлчөмү;
- талабы ипотекалык төлөмдү түзгөн милдеттенмени аткаруунун даражасы;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка маалыматтар.
3. Талаптар жана башка мүлк ипотекалык төлөмдүн реестрине тийиштүү жазууну киргизген учурдан тартып ипотекалык төлөмдүн курамына киргизилди деп эсептелет.
6-берене. Ипотекалык төлөмү бар облигацияларды чыгарууга байланышкан түшүнүктөрдү пайдаланууну чектөө
Ушул Мыйзамга ылайык ипотекалык төлөмү бар баалуу кагаздарды чыгарууга укугу бар жактарды кошпогондо, бир дагы жак "ипотекалык төлөмү бар облигациялар" жана "ипотекалык төлөм" деген сөздөрдү пайдалануу менен акча каражаттарын жана башка мүлктү тартууга укуксуз, ошондой эле өзүнүн аталышында "ипотекалык адистештирилген уюм" же "ипотекалык компания" деген сөздөрдү ар кандай айкалышта пайдаланууга укуксуз.
7-берене. Ипотекалык төлөмү бар облигациялардын эмитенти
1. Ипотекалык агенттерге ушул Мыйзамда коюлган талаптарга жооп берген жактар ипотекалык төлөмү бар облигациялардын эмиссиясын жүзөгө ашыра алат.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы белгилеген талаптарды же милдеттүү ченемдерди аткарбаса, анда банк ипотекалык төлөмү бар облигациялардын эмиссиясын жүзөгө ашырууга укуксуз.
8-берене. Ипотекалык агент
1. Ачык акционердик коом түрүндө түзүлгөн, ипотекалык кредит жана (же) ипотекалык күрөө боюнча талап кылуу укугун сатып алуу ишинин предмети болуп саналган жана ипотекалык төлөмү бар облигацияларды ушул Мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык чыгарган жана жайгаштырган юридикалык жак гана ипотекалык агент боло алат. Ипотекалык агенттин фирмалык аталышында "ипотека компаниясы" же "ипотека уюму" деген сөздөр камтылууга тийиш.
2. Ипотекалык агенттин ишинин предметине тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду анын уставына киргизүүгө жол берилбейт, тескерисинче, бул юридикалык жак ипотекалык төлөмү бар облигацияларды чыгарууга укуксуз, ал эми чыгарылган ипотекалык төлөмү бар облигациялар дароо жабылууга тийиш.
3. Ипотекалык агент төмөнкүлөргө укуксуз:
- жеке аткаруу органына ээ болууга;
- Директорлор кеңешин түзбөстөн иштөөгө;
- өзү чыгарган акцияларды сатып алууга.
Аталган талаптардын бузулушу ипотекалык агентти жоюу жөнүндө талап менен сотко кайрылууга негиз болот. Мындай кайрылууну баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берүүгө укуктуу.
4. Ипотекалык агенттин аткаруучу органынын функциялары инвестициялык активдерди ишеним башкарууга лицензиясы бар коммерциялык уюмга - башкаруучу компанияга берилиши мүмкүн.
5. Ипотекалык агент көз каранды эмес аудитордук уюмду тартуу менен өзүнүн каржылык отчетуна, ички контроль жана корпоративдик башкаруу тутумуна жыл сайын аудит жүргүзүүгө милдеттүү.
6. Ушул Мыйзамда эскертилгенден башка учурларда, ипотекалык агентке ачык компания, баалуу кагаздардын эмитенти катары баалуу кагаздар рыногун жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптар колдонулат.
7. Ипотекалык агент ушул Мыйзамга ылайык ишин жүзөгө ашырууда өзүнүн кредиттик жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, колдоого, же болбосо каржылык жоготуу кооптуулуктарын азайтууга багытталган бүтүмдөрдү жасоого укуктуу.
9-берене. Ипотекалык төлөмү бар облигациялар бекемдеген укуктарды күбөлөндүрүүнүн формасы
1. Ипотекалык төлөмү бар облигациялар документтик эмес түрдө гана чыгарылат.
2. Ипотекалык төлөмү бар облигациялардын ээлеринин реестрин жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипке ылайык ушул Мыйзамда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
10-берене. Ипотекалык төлөмү бар облигациялар боюнча пайыздар
1. Ипотекалык төлөмү бар облигациялар алардын нак наркынан белгиленген пайызды алууга алардын ээлеринин укуктарын бекитүүсү керек.
2. Ипотекалык төлөмү бар облигациялар боюнча пайыздарды төлөө жылына бир жолудан кем эмес жүзөгө ашырылууга тийиш.
11-берене. Ипотекалык төлөмү бар облигациялар боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоо
1. Ипотекалык төлөмү бар облигациялар боюнча милдеттенмелерди аткаруу ипотекалык күрөөнү аткарууну алган алардын эмитенттеринин укуктары менен, ошондой эле биринчи ээлик кылган адамда ушундай ипотекалык төлөмү бар облигацияларга укуктар пайда болгон учурдан тартып ипотекалык төлөмдүн күрөөсү менен камсыздалат.
Ипотекалык төлөмү бар облигация анын ээсине ипотекалык төлөмдүн күрөөсүнөн келип чыгуучу бардык укуктарды берет. Ипотекалык төлөмү бар облигацияларга болгон укуктун жаңы ээсине (сатып алуучуга) өтүшү менен ипотекалык төлөмдүн күрөөсүнөн келип чыгуучу бардык укуктар ага өтөт. Ипотекалык төлөмү бар облигацияларга болгон укукту өткөрүп бербей туруп ипотекалык төлөмдүн күрөөсүнөн келип чыгуучу укуктарды өткөрүп берүү жараксыз болуп саналат.
Ошол эле чыгарылыштагы ипотекалык төлөмдү түзгөн ипотекалык күрөөгө жана башка мүлктөргө карата мындай мүлктөрдү мамлекеттик же муниципалдык муктаждык үчүн сатып алган, реквизициялаган же улутташтырган учурларда - күрөө берүүчүгө тийиштүү камсыздандыруу ордун толтурууга, кайтарылуучу суммага, же анын ордуна күрөө берүүчүгө берилүүчү мүлккө карата бир чыгарылыштагы ипотекалык төлөмү бар облигациялардын ар бир ээси ошол эле чыгарылыштагы ипотекалык төлөмү бар облигациялардын башка ээлери менен бирдей укуктарга ээ.
2. Ипотекалык күрөөлүктү, ошондой эле ипотека менен камсыз кылынган милдеттенмелер жана башка мүлктөр боюнча талаптарды ипотекалык төлөмдүн курамына киргизүү кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү каттоо чөйрөсүндөгү, ошондой эле баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда алар белгиленген тартипте катталууга тийиш.
12-берене. Ипотекалык төлөмү бар облигациялардын эмиссиясы
Ипотекалык төлөмү бар облигациялардын эмиссиясы баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана ушул Мыйзамдын талаптарын эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
13-берене. Ипотекалык төлөмдү түзүүчү талаптарды алмаштыруу
1. Ипотекалык төлөмдү түзүүчү талаптарды алмаштыруу ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган негиздердин жок дегенде бири болгондо гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
2. Чыгаруунун жыйынтыктары боюнча отчет катталгандан кийин гана ипотекалык төлөмдү түзүүчү талаптарды алмаштырууга жол берилет.
14-берене. Ипотекалык төлөмү бар облигацияларды ипотекалык жабууга өндүрүп алууну чегерүү
1. Эмитент тарабынан ипотекалык төлөмү бар облигациялар боюнча милдеттенмелер аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган учурда мындай облигацияларды түзгөн ипотекалык төлөмдөр ушул Мыйзамда каралган тартипте өндүрүлөт.
2. Ипотекалык төлөмдөрү бар облигациялар боюнча ипотекалык төлөмдөргө өндүрүп алуунун тартиби соттон тышкары гана болууга тийиш жана анда алардын эмиссиясынын проспектинде бул максаттар үчүн көрсөтүлгөн жак тарабынан ипотекалык жабууну ишеним башкарууну уюштуруу каралат. Ипотекалык төлөмдү ишеним башкаруу ипотекалык төлөмү бар тиешелүү облигациялар боюнча окшош шарттарда жана укуктарда катышуунун ипотекалык сертификаттарын чыгаруу жолу менен жүзөгө ашырылат. Катышуунун ипотекалык сертификаттарын чыгаруунун жана жүгүртүүнүн тартиби жана ага коюлуучу талаптар, ошондой эле ипотекалык төлөмдү ишеним башкаруунун эрежелери ушул Мыйзамда жана ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленет.
15-берене. Ипотекалык баалуу кагаздарды жүгүртүү
Ипотекалык баалуу кагаздарды жүгүртүү ушул Мыйзамдын талаптарын жана аларды чыгаруунун (эмиссия кылуунун) шарттарын эске алуу менен баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
16-берене. Ипотекалык баалуу кагаздарды жабуу
1. Ипотекалык баалуу кагаздарды жүгүртүүнүн мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу аларды жабуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.
2. Эгерде ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруунун шарттарында аларды эмитенттин мөөнөтүнөн мурда сатып алышы (жабуусу) каралса, анда мындай сатып алуу (жабуу) алардын эмиссиясынын проспектинде белгиленген жол-жоболорго ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Эгерде ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруунун шарттарында бул баалуу кагаздарды алардын ээлеринин эмитенттин мөөнөтүнөн мурда сатып алышына берүү укугу каралса, анда мындай берүү жана сатып алуу мындай баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектинде белгиленген жол-жоболорго ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Ипотекалык баалуу кагаздардын ээлери төмөнкүдөй учурларда алардын эмитентинен мөөнөтүнөн мурда жабууну талап кылууга укуктуу:
- бир чыгарылыштагы ипотекалык төлөмү бар жүгүртүлүп жаткан ипотекалык баалуу кагаздар боюнча милдеттенменин нак наркынын кошундусу ипотекалык баалуу кагаздардын ошол чыгарылышынын ипотекалык жабуусунун өлчөмүнөн жогору болсо;
- ипотекалык төлөмгө карата ушул Мыйзамда белгиленген талаптарды ипотекалык баалуу кагаздардын эмитенти бузса же болбосо ипотекалык төлөмдү түзгөн мүлктү алмаштыруунун белгиленген тартибин ипотекалык баалуу кагаздардын эмитенти бузса;
- ошол чыгарылыштагы ипотекалык баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелердин толук жана өз учурунда аткарылышын камсыз кылуучу белгиленген шарттарды эмитент бузса;
- ипотекалык баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелердин толук жана өз учурунда аткарылышын камсыз кылуунун белгиленген шарттарын ошол чыгарылыштын эмитенти бузса;
- ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечимде жана/же алардын эмиссиясынын проспектинде каралган башка учурларда.
5. Ипотекалык баалуу кагаздардын эмитенти окуя болгон же болбосо баалуу кагаздардын ээлеринде аларды мөөнөтүнөн мурда жабууну талап кылуу укугунун келип чыгышына алып келген аракетти жасаган күндөн тартып беш күндөн кеч эмес мөөнөттө аларга таандык ипотекалык баалуу кагаздарды мөөнөтүнөн мурда жабууну талап кылуу укугуна ээ экендиги жөнүндө, ошондой эле мындай жабууну жүзөгө ашыруунун баасы жана тартиби жөнүндө мындай ипотекалык баалуу кагаздардын ээлерине кабарлоого милдеттүү. Аталган кабарландыруу ипотекалык баалуу кагаздардын эмитенти тарабынан ипотекалык баалуу кагаздардын ээлеринин реестринде көрсөтүлгөн дарекке тапшырык кат жөнөтүү аркылуу же болбосо ипотекалык баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектинде аталган маалыматтык билдирүүнү республикалык деңгээлдеги жалпыга маалымдоо каражаттарынын басылмаларына жарыялоо жолу менен таратат. Ипотекалык баалуу кагаздардын ээлеринин аларды сатып алууга эмитентке берүүсүнүн мөөнөтү аларга кабарландырууну жөнөткөн же болбосо ушул Мыйзамга ылайык жалпыга маалымдоо каражаттарынын басылмаларына жарыяланган күндөн тартып 30 календарлык күндөн ашпоосу керек.
3-глава. Ипотекалык төлөмдү ишеним башкаруу
17-берене. Ипотекалык төлөмдү ишеним башкарууну уюштуруу жана катышуунун ипотекалык сертификаттарын чыгаруу
1. Ипотекалык төлөмдү ишеним башкарууну уюштурууда ишеним башкаруучу менен бир чыгарылыштагы ипотекалык төлөмү бар облигациялардын ээлеринин ортосунда анын ипотекалык төлөмүн түзгөн мүлктү ишеним башкарууга берүү жөнүндө келишим түзүлөт. Аталган келишим ипотекалык төлөмдү түзгөн мүлктү ишеним башкарууга берүү жөнүндө оферттин шарттарын акцепттөө жолу менен аталган облигациялардын ээлери тарабынан түзүлөт. Аталган оферта катары ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келүүчү Ипотекалык төлөмдү ишеним башкаруу эрежелери чыгат. Ипотекалык төлөмдү түзгөн мүлктү бөлүүгө жана андан үлүштөрдү натуралай бөлүп кетүүгө жол берилбейт.
2. Ушул беренеге ылайык ишеним башкарууга берилген ипотекалык төлөмдөгү ипотекалык төлөмдөрү бар облигациялардын ээлеринин үлүшү катышуунун ипотекалык сертификаты менен күбөлөндүрүлөт. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын эмитенти болуп инвестициялык активдерди ишеним башкарууга лицензиясы бар жана ипотекалык төлөмү бар облигациялардын эмиссиясынын проспектинде ипотекалык жабууну ишеним башкаруучу катары көрсөтүлгөн жак чыгат.
3. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин реестриндеги ипотекалык төлөмү бар облигациялардын ээлеринин өздүк эсептерине кириштөө жазуулары киргизилген учурдан тартып же болбосо ипотекалык төлөмдү түзгөн бардык мүлккө болгон менчик укуктары ишеним башкаруучуга өткөн учурдан тартып, кийинчерээк эмне болоруна карабастан, ипотекалык төлөмү бар облигациялардын эмитентинин алардын ээлеринин алдындагы милдеттенмелери толук аткарылды, ал эми облигациялар жабылды деп эсептелет.
4. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын эмиссиясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте мамлекеттик каттоого алынууга тийиш. Катышуунун ипотекалык сертификаттарын мамлекеттик каттоого албай туруп аларды жайгаштырууга тыюу салынат. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын эмиссиясын мамлекеттик каттоо ага ылайык Ипотекалык төлөмдү ишеним башкаруу эрежелерин бир мезгилде каттоо менен жүргүзүлөт.
18-берене. Ипотекалык төлөмдү ишеним башкаруунун өзгөчөлүктөрү
1. Талаптары ипотекалык төлөмдү түзгөн милдеттер боюнча төлөмдөрдү алуу (кабыл алуу) жолу менен ипотекалык төлөмдү ишеним башкарууну, аталган төлөмдөрдүн эсебинен акча каражаттарын катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлерине которууну (төлөөнү), мындай милдеттенмелерди аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда карызкордун мүлкүн, анын ичинде аталган милдеттенмелерди камсыз кылууга коюлган күрөөлөрдү өндүрүп алууга чегерүүнү, талаптары ипотекалык төлөмдү түзгөн милдеттердин талаптагыдай аткарылышын камсыз кылууну, ошондой эле ушул Мыйзамга жана Ипотекалык төлөмдү ишеним башкаруунун эрежелерине каршы келбеген буга байланышкан башка аракеттерди жасоо жолу менен ипотекалык төлөмдү башкаруучу жүзөгө ашырат.
2. Ипотекалык төлөмдү башкаруучу ипотекалык төлөмдү ишеним башкаруу боюнча ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу сотто доо коюуга жана соттук доо боюнча жоопкер катары чыгууга укуктуу.
3. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлери ипотекалык төлөмдү түзгөн милдеттенмелерди, талаптарды аткарбоо же талаптагыдай аткарбоо тобокелдигин тартат.
19-берене. Ипотекалык төлөмдү түзгөн мүлктөрдү обочолотуу
1. Ипотекалык төлөмдү түзгөн мүлк жана башка талаптар ипотекалык төлөмдү башкаруучунун мүлкүнөн, катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин мүлкүнөн, аталган башкаруучунун ишеним башкаруусунда турган ипотекалык төлөмдү түзгөн башка мүлктөн, ошондой эле ишеним башкаруудагы же башка негиздер боюнча аталган башкаруучуда турган башка мүлктөн обочолонот. Ипотекалык төлөмдү түзгөн мүлк ипотекалык төлөмдү башкаруучу тарабынан өзүнчө баланста эске алынат жана ал боюнча өз алдынча эсепке алуу жүргүзүлөт.
2. Ипотекалык төлөмдү ишеним башкарууга байланышкан операциялар боюнча эсептешүү үчүн өзүнчө банк эсеби ачылат (өзүнчө банк эсептери), ал эми ипотекалык төлөмдү түзгөн ипотекалык күрөөгө жана мамлекеттик баалуу кагаздарга болгон укуктардын эсебин алуу үчүн өзүнчө депо эсеби ачылат. Мындай эсептер ипотекалык төлөмдү башкаруучунун наамына ачылат, анда анын ишеним башкаруучу катары жана катышуунун ипотекалык сертификаттарын идентификациялоочу жеке белгилөөчү катары аракеттенери көрсөтүлөт. Мында катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин аттары (аталыштары) көрсөтүлбөйт.
Ипотекалык төлөмдүн курамына кирүүчү кыймылсыз мүлктүн күрөөсүн мамлекеттик каттоодо кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик реестринде катышуунун ипотекалык сертификаттарын идентификациялоочу жеке белгилөө көрсөтүлөт, ал тийиштүү талаптарды ичине камтыган ипотекалык төлөмдү ишеним башкарууну жүзөгө ашыруучу менчик ээлеринин кызыкчылыгында жасалат да, төмөндөгүдөй жазуу жазылат: "Кыймылсыз мүлктүн бул объектисинин күрөө кармоочулары жана алар жөнүндөгү маалыматтар катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин реестриндеги катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин жеке эсептеринин маалыматтарынын жана катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин депо эсептеринин негизинде белгиленет".
3. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин карыздары боюнча, анын ичинде алар банкрот (кудуретсиз) болгондо ипотекалык төлөмдү түзгөн мүлктү өндүрүп алууга чегерүүгө жол берилбейт. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин карыздары боюнча аларга таандык катышуунун ипотекалык сертификаттарын өңдүрүп алууга чегерилет. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлери банкрот (кудуретсиз) болгон учурда аларга таандык болгон катышуунун ипотекалык сертификаттары жалпы жоюу массасына киргизилет.
4. Ипотекалык төлөмдү башкаруучу банкрот (кудуретсиз) деп таанылган учурда ипотекалык төлөмдү түзгөн мүлк анын жалпы жоюлуучу массасына киргизилбейт.
Ипотекалык төлөмдү башкаруучу банкрот (кудуретсиз) деп таанылган учурда же анын лицензиясы жокко чыгарылганда ипотекалык төлөмдү түзгөн мүлк 30 күндүн ичинде конкурстук негизде баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тандалган лицензиясы бар башка башкаруучунун ишеним башкаруусуна өткөрүлүп берилүүгө тийиш.
Ипотекалык төлөмдү түзгөн мүлктү конкурс аркылуу тандалып алынган ипотекалык төлөмдү башкаруучуга өткөрүп берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте ишке ашырылат.
5. Ипотекалык төлөмдүн башкаруучусу катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин алдында ушул Мыйзамды, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Ипотекалык төлөмдү ишеним башкаруу эрежелерин бузгандыгынын натыйжасында аларга чыгым келтирген учурда жоопкерчиликти тартат.
20-берене. Ипотекалык төлөмдү башкаруучунун ишине чек коюу
Ипотекалык төлөмдү башкаруучу төмөнкүлөргө укуксуз:
- ипотекалык төлөмдү түзгөн мүлктү депозитарийдин макулдугусуз тескөөгө;
- ипотекалык төлөмдү түзүүчү мүлктүн эсебинен каалаган башка мүлктү сатып алууга;
- ипотекалык төлөмдү түзгөн мүлктү акысыз ажыратууга;
- зайым келишиминин жана кредиттик келишимдин шарттарында ипотекалык төлөмдү түзүүчү мүлктүн эсебинен кайтарылууга тийиш болгон акча каражаттарын алууга;
- ипотекалык төлөмдү түзгөн мүлктүн эсебинен зайымдарды берүүгө;
- ипотекалык төлөмдү түзгөн мүлктү жеке милдеттенмелерин же үчүнчү жактын милдеттенмелерин аткаруу үчүн пайдаланууга;
- Ипотекалык төлөмдү ишеним башкаруунун эрежелерине ылайык сыйакыларды алуу учурларын кошпогондо ипотекалык жабууну түзгөн мүлктү сатып алууга;
- анын ишеним башкаруусунда турган ипотекалык төлөмдү түзгөн мүлктүн курамындагы менчик мүлктү ажыратууга.
21-берене. Ипотекалык төлөмдү ишеним башкаруунун эрежелери
1. Ипотекалык төлөмдү ишеним башкаруунун эрежелеринде төмөнкүдөй маалыматтар болууга тийиш:
- бул ипотекалык төлөм менен катышуунун ипотекалык сертификаттарын идентификациялоочу жеке белгилөө;
- ипотекалык төлөмдү башкаруучунун толук фирмалык аталышы;
- ипотекалык төлөмдүн депозитарийинин толук фирмалык аталышы;
- катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин реестрин жүргүзүүчү каттоочунун толук фирмалык аталышы;
- ипотекалык төлөмдү башкаруучунун укуктары жана милдеттери;
- ипотекалык төлөмдү ишеним башкаруу келишиминин колдонулуу мөөнөтү;
- катышуунун ипотекалык сертификаттарынын саны жана аларды берүүнүн тартиби;
- катышуунун ипотекалык сертификаттарын жабууга байланыштуу акча каражаттарын төлөп берүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү;
- талаптары ипотекалык төлөмдү түзгөн милдеттенмелер боюнча алынган төлөмдөрдүн эсебинен катышуунун ар бир ипотекалык сертификаты боюнча акча каражаттарын төлөп берүүнүн тартиби, ошондой эле мындай төлөп берүүнүн мөөнөтү тиешелүү төлөмдөрдү алган күндөн тартып үч айдан ашпоого тийиш;
- катышуунун ипотекалык сертификатын жабууга байланыштуу төлөнүүгө тийиш болгон акча каражаттарынын суммасын аныктоонун тартиби;
- катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин реестрине катышуунун ипотекалык сертификаттарын сатып алуу, өткөрүп берүү жана жабуу жөнүндө жазууларды киргизүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү;
- катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин укуктары;
- катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин жалпы чогулушун чакыруунун жана өткөрүүнүн тартиби;
- катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин реестрин жүргүзүүчү ипотекалык төлөмдү башкаруучунун, депозитарийдин, каттоочулардын сыйакыларынын өлчөмү;
- ипотекалык төлөмдү ишеним башкарууга байланышкан жана ипотекалык төлөмдү түзгөн мүлктүн эсебинен төлөнө турган чыгымдардын түрлөрү жана максималдуу өлчөмү;
- ипотекалык төлөмдү ишеним башкарууга байланышкан, анын ичинде тийиштүү маалымат жарыялануучу мезгилдүү басма сөздүн аталышы боюнча маалыматтарды ачып берүүнүн тартиби;
- ушул Мыйзамда каралгандан башка учурларда ипотекалык төлөмдү башкаруучудан ипотекалык төлөмдү ишеним башкаруу келишиминин колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин катышуунун ипотекалык сертификатынын ээсинде бул келишимди токтотууну талап кылуу укугунун жоктугун көрсөтүү.
2. Ипотекалык төлөмдү ишеним башкаруунун эрежеси, ошондой эле ага киргизилген өзгөртүүлөр баалуу кагаздарды жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан катталышы керек.
3. Ипотекалык төлөмдү башкаруучу Ипотекалык төлөмдү ишеним башкаруу эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө укуктуу, ал баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан катталгандан жана мезгилдүү басылмага жарыялангандан кийин гана күчүнө кирет.
22-берене. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин жалпы чогулушу
1. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин жалпы чогулушу ипотекалык төлөмдү башкаруучунун демилгеси же жалпы чогулушту чакыруу жөнүндө талапты берген күнгө ипотекалык сертификаттардын жалпы санынын 10 пайызынан кем эмесин түзгөн ипотекалык сертификаттардын ээлеринин жазуу жүзүндө берген талабы боюнча чакырылат.
Жалпы чогулушту чакыруу жөнүндө катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин талабы аны чакыруунун себептерин, ошондой эле жалпы чогулуштун иш тартибин камтууга тийиш. Жалпы чогулушту чакыруу жөнүндөгү ипотекалык төлөмдү башкаруучунун билдирүүсү Ипотекалык төлөмдү ишеним башкаруунун эрежелеринде көрсөтүлгөн мезгилдүү басылмага жарыялануусу керек.
2. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин 60 пайызынан кем эмеси катышкан учурда катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин жалпы чогулушунун кворуму болду деп таанылат. Добуш берүүдө катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ар бири анын ээсине бирден добуш берет.
Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин жалпы чогулушу эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, чогулушка катышкан катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин көпчүлүк добушу менен чечимдерди кабыл алат.
3. Ипотекалык төлөмдү башкаруучуну алмаштыруу жөнүндө чечим чогулушка катышкан катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин 2/3төн кем эмес добушу менен кабыл алынды деп эсептелинет.
Ипотекалык төлөмдү башкаруучуну алмаштыруу жөнүндө чечим чогулушка катышкан катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин жалпы чогулушу тарабынан кабыл алынган күндөн тартып 10 күндүн ичинде баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ипотекалык төлөмдүн жаңы башкаруучусун аныктоо үчүн конкурстук тандап алууну өткөрөт.
Ипотекалык төлөмдү башкаруучуну алмаштыруу жөнүндө жалпы чогулуштун чечимине туш болгон ипотекалык төлөмдү башкаруучу конкурстун жыйынтыгы боюнча тандалып алынган башка башкаруучуга ипотекалык төлөмдү түзгөн мүлктү өткөрүп бергенге чейин өзүнүн милдеттерин аткарат.
4. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин жалпы чогулушунун чечими протокол менен таризделет, ага чогулушта шайланган төрага менен катчы, ипотекалык төлөмдү башкаруучу кол коёт. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин жалпы чогулушунун протоколу баалуу кагаздар рыногун жөнгө салган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аны өткөргөн күндөн тартып 30 күндөн кечиктирбестен жөнөтүлөт.
5. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин жалпы чогулушун даярдоонун, чакыруунун жана өткөрүүнүн тартибине кошумча талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
6. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин жалпы чогулушун чакырууга жана өткөрүүгө байланышкан чыгымдар ипотекалык төлөмдү түзгөн мүлктүн эсебинен толтурулат.
23-берене. Ипотекалык төлөмдү ишеним башкарууга байланышкан сыйакылар жана чыгымдар
1. Ипотекалык төлөмдүн башкаруучусуна, депозитарийге, катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин реестрин жүргүзгөн каттоочуга ипотекалык төлөмдү түзгөн мүлктүн эсебинен акы төлөнөт жана ал акынын суммасы ипотекалык төлөмдү түзгөн талаптар боюнча аткарылган милдеттенмелердин суммасынын беш пайызынан ашпоого тийиш.
2. Ипотекалык төлөмдү ишеним башкарууга, анын ичинде ипотекалык төлөмдү түзгөн талаптар боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылууга күрөө катары коюлган кыймылсыз мүлктү өндүрүп алууга чегерүүгө, ошондой эле ушул Мыйзамда жана Ипотекалык төлөмдү ишеним башкаруунун эрежелеринде көрсөтүлгөн мүлк менен жасалган бүтүмдөргө байланышкан чыгымдар ипотекалык төлөмдү түзгөн мүлктүн эсебинен жүзөгө ашырылат.
24-берене. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин реестри
1. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин реестри - бул Ипотекалык төлөмдү ишеним башкаруунун эрежелерине ылайык берилген катышуунун ипотекалык сертификаттары жөнүндөгү, берилген жана жабылган катышуунун ипотекалык сертификаттарынын жалпы саны жөнүндөгү, катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлери жана аларга таандык катышуунун ипотекалык сертификаттарынын саны жөнүндөгү, нак кармоочулар, катталган башка адамдар жөнүндөгү жана аларга катталган катышуунун ипотекалык сертификаттарынын саны жөнүндөгү жазуулардын, ошондой эле катышуунун ипотекалык сертификаттарын сатып алуу, өткөрүп берүү, оорлотуу жөнүндөгү жазуулардын тутуму.
2. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин реестрин жүргүзүүнү баалуу кагаздардын кармоочуларынын реестрин жүргүзүү боюнча лицензиясы бар, көз карандысыз реестр кармоочу жүзөгө ашырууга укуктуу.
3. Катышуунун ипотекалык сертификаттарынын ээлеринин реестрин жүргүзүү жөнүндө келишим бир га