Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 «Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча программаны ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 «Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетинде:
- 1-пунктунда:
«Социалдык пакеттин телеканалдарынын тематикалык багыты» графасындагы «4» деген цифра «5» деген цифра менен алмаштырылсын;
- «Социалдык пакеттин телеканалдарын ээлеген телерадиоуюмдар» графасы төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи сап менен толукталсын:
«Ынтымак» коомдук региондук телерадиокомпаниясы» * |
»;
- 5-пунктунун жетинчи абзацындагы «Коомдук региондук «Ынтымак» телерадиокомпаниясы» деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкү мазмундагы 6-8-пункттар менен толукталсын:
6 | «КТРК-Музыка» музыкалуу-оюн зоок телеканалы (Социалдык пакеттин 1 телеканалы) | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК) |
7 | «КТРК-Спорт» спорттук телеканалы (Социалдык пакеттин 1 телеканалы) | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК) |
8 | «Ден соолук» агартуучу-оюн зоок каналы (Социалдык пакеттин 1 телеканалы) | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик «ЭлТР» телерадиоберүү компаниясы |
»;
- төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
«Эскертүү: * Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы берүүлөрдү камтуу менен».
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев