Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июнундагы № 395 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын техникалык жана тейлөөчү персоналынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинде:

эскертүүнүн 3-пункту “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына,” деген сөздөрдөн кийин “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына,” деген сөздөр менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Премьер-министр                                                        Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу