Мамлекеттик башкаруунун колдонулуудагы системасына талдоо жүргүзүү, аны оптималдаштыруу жана өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 41 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө” токтомуна ылайык:
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
Премьер-министр Т.А.Сариев
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын курамы
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы; |
Кыргыз Республикасынын Экономика министри, комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министри, комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Комиссия мүчөлөрү: |
Кыргыз Республикасынын Финансы министри; |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары; |
Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы; |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча) |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы; |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Коомдук технологиялор борборунун директору (макулдашуу боюнча); |
Кыргыз Республикасынын Базарлар, соода жана кызмат көрсөтүү ишканалары ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча); |
“Гуманитардык долбоорлоо институту” коомдук бирикмесинин аналитиги (макулдашуу боюнча). |
_________________________________