Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин натыйжалуулугун камсыздоо максатында, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттагы “184” деген цифралар “191” деген цифраларга алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2015-жылдын 2-июнунан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев