Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-майындагы № 272 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борборун уюштуруу жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-майындагы № 272 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борборун уюштуруу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борбору жөнүндө жободо:
- 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“15. Борбордун кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп эсептелбейт.”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев