Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 350 “Тоо-кен казып алуу тармагындагы иштин абалы жана өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө” токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Тоо-кен секторунун кирешесин арттыруу максатында, ошондой эле сурьманы иштетүүгө суроо-талаптын туруктуулугун эске алуу менен, “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 15-беренелерине жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 350 “Тоо-кен казып алуу тармагындагы иштин абалы жана өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Конкурска коюлуучу жалпы мамлекеттик маанидеги кендердин тизмесинин 10-пункту “Терек” деген сөздөн кийин “(17-блоктон башка)” деген цифралар жана сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр Т.А.Сариев