КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-январындагы № 13 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы № 92 Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын потенциалын натыйжалуу пайдалануу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы № 92 “Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө жободо:

- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“4. Комиссияга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсү, административдик ведомстволордун жетекчилери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун жетекчилеринин орун басарлары башчылык кылат. Комиссиялардын төрагаларынын тизмеси (кызмат орду боюнча) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен бекитилет.”;

- 16-пунктунун биринчи абзацы “жетекчиси” деген сөздөн кийин “(жетекчисинин орун басары)” деген сөздөр менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу