КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-майындагы №277 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министирлигинин Темир жол транспорту кызматтарына жетүүнү жана тариф саясатынын негиздерин жөнгө салуу тартибин жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу      орган катары белгилениши тууралуу» 

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Евразия экономикалык биримдигинин түзүлүшүн эске алуу менен 2014-жылдын 10-октябрында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-декабрындагы№ 575-р токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы жана Россия Федерациясынын Орток экономикалык мейкиндигине кошулушу боюнча «Жол картасынын»  № 75 Иш-чаралар Планын жүзөгө ашыруу боюнча Жол картасынын Иш-чаралар Планынын 63-тарамын ишке ашыруу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндөгү” Конституциялык мыйзамынын 10- жана 17- беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын  өкмөтү токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар Министирлиги Темир жол транспорту кызматтарына жетүү жана тариф саясатынын негиздерин жөнгө салуу тартибин жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу орган катары белгиленсин.
  2. Бул токтом расмий түрдө жарыяланууга тийиш жана Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдиги тууралуу келишимге кошулушу тууралуу эл аралык келишимдин күчүнө кириш күнүнөн баштап күчүнө кирет.

 

         Премьер-министр                                                                Т.А.Сариев

Тиркемелер

Басып чыгаруу