КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-майындагы № 331 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун “Аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүлүп берилүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмеси” деген 1-тиркемесинде:

- 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи-сегизинчи абзацтар менен толукталсын:

“- жол тармагы чөйрөсүндө нускамаларды, эрежелерди, жоболорду, программаларды, регламенттерди, колдонмолорду бекитүү;

- автомобиль жана темир жол тармагы чөйрөсүндө нускамаларды, эрежелерди, жоболорду, программаларды, регламенттерди, колдонмолорду бекитүү;

- почталык жана электрдик байланыш чөйрөсүндөгү нускамаларды, эрежелерди, жоболорду, программаларды, регламенттерди, колдонмолорду бекитүү;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги тарабынан иштелип чыгуучу байланыш тармагындагы эрежелерди жана нускамаларды бекитүү (Радиокызматтар боюнча радиожыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасы, Кыргыз Республикасында радиоэлектрондук каражаттарды жана тутумдарды өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү концепциясы, тарамдар аралык туташтыруу.).”;

- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“7. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

- Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү өзгөчө окуялар же кырдаалдар келип чыкканда аба кыймылын тейлөө жана аба мейкиндигин пайдалануу тартибин;

- чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташтык линиясы боюнча алынуучу (келүүчү) курал-жаракты жана аскердик техниканы, ок-дарыларды жана башка аскердик-техникалык мүлктөрдү бөлүштүрүүнү;

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн медициналык камсыз кылуунун, анын ичинде аскер кызматчыларын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин дарылоо мекемелеринде дарылоо үчүн чыгымдардын ордун толтуруу тартибин;

- тынчтык мезгилде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бирикмелерин, бөлүктөрүн жана мекемелерин медициналык техника, мүлк жана медикаменттер менен жабдууну;

 -  Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы иштерди уюштурууну.”;

-  8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү-он жетинчи абзацтар менен толукталсын:

“- мамлекеттик зайым каражаттарын максаттуу пайдалануунун методикасын жана мониторинг жүргүзүү тартибин бекитүү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик зайым каражаттары боюнча карыздардын үмүтсүздүк статусун аныктоо методикасын бекитүү;

- мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө методикалык документтерди бекитүү, анын ичинде:

бөлүм жана конкурстук комиссия жөнүндө жоболорду;

товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү бир этаптуу тоорук ыкмасы менен сатып алууга стандарттуу конкурстук документтерди;

товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эки этаптуу тоорук ыкмасы менен сатып алууга стандарттуу конкурстук документтерди;

товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жөнөкөйлөштүрүлгөн ыкма менен сатып алууга стандарттуу конкурстук документтерди;

мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн жүрүшүндө сатып алуучу уюмдардын аракетине даттанууларды кароо жана ишенимсиз жабдуучу-берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) маалымат базасына киргизүү боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын ишинин тартиби жөнүндө жобону;

алкактык макулдашууну  колдонуу жөнүндө жобону;

конкурстук арыздарга баа берүү боюнча методикалык нускаманы;

аудиторду аныктоо тартиби жөнүндө жобону;

электрондук мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн эрежелери жөнүндө жобону;

бааны азайтып сатып алуу ыкмасы менен конкурс өткөрүүнүн тартибин;

ички жабдуучу-берүүчүлөргө жана подрядчыларга жеңилдиктерди колдонуу боюнча методикалык нускаманы.”;

- 11-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

“-  мамлекеттик материалдык резерв чөйрөсүндө методикалык документтерди бекитүү.”;

- төмөнкүдөй мазмундагы    14-25-пункттар менен толукталсын:

“14. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

- медициналык жана фармацевт кызматкерлерди аттестациялоо жана каттоо жөнүндө, ошондой эле чет мамлекеттерде медициналык жана фармацевттик билим алган адамдарга жана чет өлкөлүк жарандарга медициналык же фармацевттик ишке уруксат берүү жагындагы жобону;

- Кыргыз Республикасынын түрдүү категориядагы жарандары үчүн, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисинин формасын;

-  Бирдиктүү төлөөчү тутумунда саламаттык сактоо уюмдары көрсөтүүчү медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын башкаруу жөнүндө жобону.

15. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндө төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

- имараттар үчүн жылуулук жана электр энергиясына керектөөлөрдү эсептөө боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү;

- жаратылыш газын пайдалануунун, жылуулук энергиясын, электр энергиясын пайдалануунун,   жаратылыш газын, жылуулук энергиясын жана жылуулук бергичтерди эсептөөнүн эрежелерин;

- керектөөчүлөргө жылуулук, электр энергиясын жана жаратылыш газын жеткирүүгө типтүү келишимдерди;

- мунайзат-газ, көмүр жана жылуулук-энергетикалык тармактардын ченемдик-техникалык документтерин;

- жумуштарды жана операцияларды аткаруунун, аларды жасоону регламенттөөнүн тартибин белгилөө боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү;

- ченемдерди (технологиялык параметрлердин маанисинин ченемдерин, техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдү, заттардын жол берилген компоненттерин, материалдардын сарпталышын (запастарын, калдыктарын), өнөр жай санитарияларынын жана башка өлчөө чоңдуктардын параметрлерин);

- энергетикалык түзүлүштөрдү (системаларды, курулмаларды) эксплуатациялоо боюнча нускамаларды;

- электр станцияларда жана тармактарда эксплуатациялык-оңдоо жана эксперименттик-жөнгө салуу иштерин аткарууга сметалык наркын аныктоо жана келишим бааларын түзүү үчүн прейскуранттарды, маалымдамаларды;

- электр тармактарынын электр түзүлүштөрүн эксплуатациялоодо коопсуздукту камсыз кылуу боюнча эрежелерди;

- электр энергетикалык тутумдарын башкарууда анын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча эрежелерди;

- электр түзүлүштөрүн жана электр тармактарын долбоорлоодо ишенимдүүлүгүн, биологиялык жана электрдик коопсуздугун камсыз кылуу боюнча эрежелерди;

- электр энергиянын аны өткөрүүгө чыгымдардын ченемдерин эсептөө үчүн нускамаларды;

- электр энергетика уюмдарынын керектөөсүнүн структурасына жараша жана электр энергиясына таандык кылуунун номенклатурасын жана электр энергетика объекттери боюнча баланстарды түзүү талаптарын;

- электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган маалыматтык-өлчөө тутумуна карата нускамаларды;

- электр тармактарынын электр жабдууларынын техникалык абалын контролдоо жана диагностикалоо боюнча нускамаларды;

- өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн ишканалардын жабдуулардын жана материалдардын авариялык запастарын керектөөсүнүн ченемдерин эсептөө үчүн нускамаларды;

- электр жабдууларын оңдоону пландоонун жана оңдоонун тартибин;

- электр жабдууларын оңдоо иштерин аткарууда персоналдын санын, эмгектин жумшалышын, материалдардын жана запастык бөлүктөрдүн чыгымдалышын;

- электр тармактарынын көлөм түзүүчү бирдиктерин эсептөө методикасын;

- электр түзүлүштөрүн эксплуатациялоодо эмгекти коргоо боюнча нускамаларды.

16. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине  төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

-  министрликтин компетенциясына кирген социалдык төлөөлөрдү төлөө боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү;

- аз камсыз болгон үй-бүлөнүн социалдык паспортунун формасын жана аны толтуруу тартиби жөнүндө методикалык көрсөтмөлөрдү.

17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине төмөнкүлөрдү иштеп чыгуу жана бекитүү чөйрөсүндө:

- курулуш ченемдерин жана эрежелерин, эрежелердин жыйындысын, нускамаларды жана методикалык көрсөтмөлөрдү, техникалык чечимдердин каталогдорун, архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба тармагындагы ушундай документтердин тизмектерин жана көрсөткүчтөрүн;

- атайын техникалык шарттарды жана техникалык корутундуларды;

-                     курулуш жана долбоорлоо чөйрөсүндө жоболорду, нускамаларды, методикалык көрсөтмөлөрдү, сметаларды нормалоодогу коррекциялоочу индекстерди.

18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер   боюнча мамлекеттик агенттикке төмөнкүлөрдү бекитүү чөйрөсүндө:

- коомдук негизде иштеген айылдык кеңештердин төрагаларынын иши үчүн бир жолку компенсация жөнүндө жобону.

19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

- отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу жаатында ченемдик укуктук актыларды практикада колдонуу боюнча нускамаларды, эрежелерди жана жоболорду;

- энергияны керектөөчүлөрдүн жана энергия менен жабдуучу уюмдардын ортосундагы талаш-тартыштарды кароо жана чечүү боюнча эрежелерди жана жоболорду;

- электр, жылуулук энергияларынын жана жаратылыш газынын өздүк наркын аныктоо, тарифтерин эсептөө жана колдонуу боюнча методологиялык документтерди жана жоболорду.

20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

- Кыргыз Республикасынын калкын дене тарбиялык даярдоо боюнча типтүү ченемдик талаптарды;

- спорттук коомдорду жана клубдарды уюштуруу боюнча типтүү ченемдерди;

- окуу жайлардын дене тарбия жана спорт объекттери, спорт жабдуулары жана шаймандары менен камсыздалышынын минимум социалдык стандарттарын;

- жалпы республикалык маанидеги спорттук-массалык иш-чаралардын жана облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын муниципалдык кызматчыларынын арасындагы спартакиадалардын регламентин.

21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигине төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

- Кыргыз Республикасындагы радиоэлектрондук каражаттарга радиожыштыктардын ыйгарылышын Электрдик байланыштын эл аралык союзуна маалымдоо жана каттоо боюнча иштерди жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону;

- тармактар аралык кошулуу боюнча талаш-тартыштарды бейтарап кароонун тартибин.

22. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына төмөнкү чөйрөдө:

- ведомстволук классификаторлорду жана маалымдамаларды жүргүзүүнү.

23. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына   төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

- аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, жеке аудиторлордун, кесиптик аудитордук бирикмелердин мамлекеттик реестрлерин жүргүзүү жөнүндө жобону;

- аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна талапкерлерди аттестациялоо жөнүндө жобону;

- аудиторлордун квалификациясын жогорулатуу жөнүндө жобону;

- аудитордук уюмдардын жана жеке аудиторлордун аудитордук иши жөнүндө отчёт берүүнүн тартибин;

- аудитордук уюмдарды рейтингдик баалоо жөнүндө жобону.

24. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына төмөнкүлөрдү  бекитүү боюнча:

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын чек аралык контролдоо органдары тарабынан документтерди текшерүү боюнча нускаманы.

25. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматка төмөнкүлөрдү бекитүү боюнча:

- Кыргыз Республикасында контролго алынуучу баңги каражаттардын, психикага таасир этүүчү заттардын жана прекурсорлордун улуттук тизмелерин (тизмектерин);

- Кыргыз Республикасынын баңги каражаттарга, психикага таасир этүүчү заттарга керектөөсүн эсептөөнүн негизинде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык баңги каражаттарынын же психикага таасир этүүчү заттардын максимум санынын мамлекеттик квотасын (жылдык керектөөнү), аларды мыйзамдуу жүгүртүү ушул квотанын негизинде ишке ашырылат;

- баңги каражаттарын же психикага таасир этүүчү заттарды бөлүштүрүүнүн тартибин, ага ылайык юридикалык же жеке жактар баңги каражаттарын, психикага таасир этүүчү заттарды мыйзамдуу жүгүртүү үчүн аларга белгиленген өлчөмдөрдө алышат;

- баңги каражаттарын, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндө иш жөнүндө отчеттун формасын,  баңги каражаттарын, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык же жеке жактар тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга ошого ылайык отчет беришет;

- юридикалык жана жеке жактардын баңги каражаттарын, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду пайдаланууну эсепке алуучу атайын журналдарды жүргүзүүсүнүн жана сакталышынын тартибин;

- Кыргыз Республикасында баңги каражаттарын, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду өндүрүүчү ишканаларды, ошондой эле алардын ортомчуларын каттоонун тартибин;

-  баңги каражаттарын, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду ташуунун, ошондой эле бул үчүн зарыл документтерди тариздөөнүн тартибин.”.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

         Премьер-министр                                 Т.А.Сариев


Тиркемелер

Басып чыгаруу